Түркмөнстанда ун сатып алуу үчүн атайын кезекке туруу шарт кылынды
Түркмөнстан калкы ун азыктарына муктаж болгондо, алардан райондук башкармалыктын маалымат кагазы талап кылынат.
«Хроники Туркменистана» агенттигинин кабарлашынча, справкага ээ болгон адам үй-бүлөсү үчүн бир айга бир қап (50кг) ун сатып алышы мүмкүн.
Ушул чектөөлөргө байланыштуу жарандар жергиликтүү кеңештердин (аймактык өзүн өзү башкаруу органдарынын) алдында, справка алуу үмүтү менен узун кезектерди күтүп турушат. Ар дайымкыдай Түркмөнстанда ун тартыштыгы күтүлүүдө. Мисалы, Дашогуз облусундагы маселени чечүү үчүн башқа аймактан ун алып келүү зарылдыгы туулуп жатат.
Мындан тышкары, адамдар ун сатып алуу үчүн эле эмес, башка турмуштук зарылчылыктагы нан азыктарын алуу үчүн да кезекке турушууда. Буга кошумча, сатуучулар азык-оокат сатуу учурунда коридорлордо кезекте тургандардан жашагандыгы тууралуу справкасын талап кылышууда. Алар азык-түлүктү бир гана ошол аймакта жашагандарга сатышууда.
Буга чейин, Дашогуз облусунда калктын ун азыгына болгон муктажыдыгы толук кандуу камсыздалып жатканы кабарланган. Бирок, тургундардан ун сатып алуу учурунда газ жана электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөгөндүгү тууралуу квитанциялар талап кылынууда. Эгер газдан, светтен карызы болбосо гана кардарга ун сатылат.
2017-жылы Түркмөнстанда 1 миллион 600 миң тонна буудай өндүрүлүшү пландалган. Бирок, жыйын-терин учурунда 1 миллион тонна гана жыйналган. Натыйжада, мамлекетте ун таңкыстыгы пайда болуп, ун азыктарына болгон соодага чектөөлөр жарыяланды. Ушул жылдын 19-февралында президент жаңы жарлык чыгарып, бардык облустардын жетекчилерине бул жылы дан эгин иштерине атайын көңүл бөлүү талабы коюлду. “Эгер эгин талаалары жакшы иштетилип, убагында суугарылып, керектүү жер семирткичтер менен кубаттандырылса, жыйын-терин натыйжалуу болот”, – деп айтылат жарлыкта..
Адатта Түркмөнстан тууралуу кабарларды окуган адам бир жолу абкаарый түшөт. СССР чачыраган соң КМШ мамлекеттеринен айырмаланып, Түркмөнстанда диктаторлук режим жеңил түптөлдү. Анткени, мурунку президент Сапармурад Ниязовдун өкүмдарлыгы учурунда жарандарды катуу басым астында кармап, өзүнө жана режимине моюн сундуруу негизинде иш алып барды. Мамлекеттин ички иштери туурасындагы кабарлар жашыруун сакталды. Бардык маалымат каражаттары катуу көзөмөл астында болду. Мамлекет сырлары тышкарыга чыкпашы, жалпысынан ичкериде жүз берип жаткан окуялар ашкере болбошу талап кылынган.
Демек, Түркмөнстан коммунизмдеги жашоого окшош турмуш кечирет деген ар кандай кабарлар бош сөздөр болуп эсептелет. Жогорудагы маалыматтардан айкын болгондой, “Түркмөнстанда, газ, свет бекер экен” деген сөздөр негизсиз.
Өз Жаратуучусунун өкүмүнө каршы чыккан Түркмөнстанда диндарлар үчүн катуу чектөөлөр белгиленген. Диндарларды өмүр бою камакка алган, Ыйык Китебибиз Куръани Каримди өрттөп жиберген режимден адилеттикти күтүү мүмкүнбү?
Президент “Мен чечим чыгарсам жана буюрсам албетте бардык иштер жайында болот” деп ойлоп жатса катуу адашат! Анткени, ырыскы ээси Алла Таала! Эгер Кудай жерден берекени кетирсе, пенденин миңдеген мыйзам долбоорлору, чечимдери пайда келтире албайт! Эгер бүткүл дүйнө ойчулдары биригип, экономиканы өнүктүрүү үчүн баш катырса да, баары бир бул мээнеттин натыйжасы мандемдүү болуп калат. Анткени, Шариат өкүмдөрү негизинде гана адилеттик орнойт. Экономика бир гана шаръий өкүмдөр негизине курулса гана жашоо турмуш жакшырат. Анткени, чыныгы адилеттик Шариатта гана бар. Ассаламу алайкум.