Нетаняху: Миср менен түзүлгөн газ келишими бизге миллиарддаган пайда алып келет
(Израил) өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху Миср компаниясы менен түзүлгөн газ келишимине ыраазы экенин билдирди. Нетаняхунун айтымында, бул келишим (Израилдин) бюджетине миллиарддаган доллар пайда алып келет. Бул тууралуу “Едиот Ахаронот” сайты кабар таркатты.
“(Израил) газын Мисрге экспорт кылуу боюнча бүгүн кол коюлган тарыхый келишим тууралуу кубанычтуу кабар бермекчимин. Бул келишим таалим-тарбия, саламаттыкты сактоо, жарандардын кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн мамлекеттик казынага миллиарддаган пайда алып келет”,- деди Нетаняху.
“Көп адамдар бул газ жолуна ишенбеди. Биз болсо бул долбоор коопсуздугубузду, экономикабызды, а түгүл аймактагы алакаларыбызды бекемдээрине ишендик. Эң маанилүүсү (Израил) жарандарын күчтөндүрөт, деп билген абалда ушул жолдо иш алып бардык”,- деп кошумчалады (Израил) премьери.
Рейтерс агенттигинин кабарлашынча, яхудий вужудунун табигый газ тармагы боюнча Тамар жана Лотиан компаниялары Мисрдин Дуелфенос компаниясы менен 15 миллиард долларлык табигый газды экспорттоо боюнча 10 жылдык келишимге кол коюшкан.
О.э Мисрге газ өткөрүү үчүн бир нече варианттар ишке ашырылат. Жакынкы Чыгыш газ куурунун линиясы ушул варианттардан. Талкууланып жаткан варианттардын арасында 64 миллиард куб метр көлөмдөгү газды Израил-Иордания куурлары аркылуу экспорт кылуу планы да бар.