Казакстан БУУнун тынчтыкты сактоо операцияларына аскер кызматкерлерин жиберет
Казакстан БУУнун тынчтыкты сактоо операцияларынын бирине 170 аскер кызматкерин жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу “Kazakhstan Today” кабар агенттиги билдирди.
Казакстан коргоо министрлигинин БУУнун астындагы миссиясынын өкүлү Ерулан Акилбаевдин билдиришинче, Казакстан 170 кишиден турган контингентти даярдаган. Ал талап кылынган учурда БУУнун тынчтыкты коргоо операцияларынын бирине жөнөөгө даяр. Алардын арасында аялдар да бар.
Ерулан Акилбаев БУУнун тынчтыкты коргоо операцияларында Казакстан аскер кызматчыларын кеңейтүү пландары бар экенин кошумчалады.
Түркистон:
Казакстан өз аскерийлерин Сирияга алып кирүүгө ыраазы болуу менен эл аралык тузакка түшүү алдында турат.
Куфр дүйнөсү бул өлкөнүн бир чымчым алсыз аскерине муктаж эмес! Алар бул өлкөлөрдүн атынан аскерлерди катыштыруу менен колонизатор мамлекеттердин Шамга болгон аскерий жүрүштөрүнө алардын да шерик экенин амалда тастыктатып коюшмакчы. Максаттары Казакстанда мусулмандардын нааразылыктарын пайда кылып, бул аймакта “исламий согуш” майданына оңой чөйрө жаратуу.
Казакстан армиясы өзүнүн чегараларын коргоого да кубаты жетпейт. Бул мамлекетте үлкөн экономикалык көйгөйлөр да бар. Казакстан бийлигинин бул чечими өз мамлекети үчүн үлкөн кыянаттык жана өтө чоң тарыхый ката болуп эсептелет. Орусиянын Сириядагы кандуу жүрүштөрүнө шерик кылып коё турган бул аскерий келишим, эки мамлекетти дайыма кооп-коркунуч астында жашай турган абалга салып коёт. Бул болсо Путиндин Борбор Азия үчүн даярдап бараткан максаттарына ылайык келет. Орусия үчүн бул мамлекеттердин аскерий көмөктөрү эмес, алардын куфрга ыктаган расмий маанидеги катышуулары жана аты болсо да алар менен аскерий кызматташтык кылуусу маанилүү.