Кытай Тажикстанды аста-секинден барып жутуп жиберет

430
0

Кытай Тажикстанды аста-секинден барып жутуп жиберет

Орусия Думасынын мурунку өкүлү,  Орто Азия боюнча изилдөө борборунун мүдүрү Семён Багдасаров ушул учурда Кытай Борбор Азияга карата баскынчылыгынын экинчи баскычын баштаганын билдирди. Багдасаровдун айтымында, Кытай Тажикстанга берген карыздарынын эсебинен бул мамлекеттин жер астындагы маанилүү байлыктарын колго алмакчы. Башкача айтканда, Тажикстан жарандарын өзүнө кул кылып, мамлекет байлыктарын жутуп жиберет.

Семён Багдасаров бул сөздөрүн “Спутник” радиосуна берген интервьюсунда айтып өттү. Ал журналисттер менен болгон маекте мындай деди: “Кытайлыктар баскычма-баскыч түрдө Тажикстанды жутуп жиберет. Тажиктер Чыгыш Памирдеги 1000 чарчы чакырымдан ашык жерди, кийин Мургап тараптагы жерлерди Кытайга беришкен. Андан соң жерлерин карыздан кутулуу үчүн бере баштады. Тагыраагы кытайлар “эгер акча керек болсо биз беребиз. Бирок, кендериңерди биздин ыктыярыбызга тапшыргыла” кыязында иш тутууда. Мен өзүм 90-жылдарда Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан боюнча департаменттин жооптуу кызматкери катары иштегем. Ошондо мындай усулдан жана анын акыбетинен эскертип кайтарган элем. Кытайлыктар берген карыздарынын ордуна алтын жана күмүш кендерине ээлик кылышат. Башкача айтканда, аста-секин Тажикстанды жутуп жиберет”.

Семён Багдасаровдун пикиринде, ушул учурда Кытай жаңы аймактарды басып алуунун экинчи баскычын баштаган жана бул  аскерий экспансия болуп эсептелет.

“Мурун Кытай экономикалык экспансия менен гана алектенет жана аскерий экспансия кылууга батына албайт дечүбүз. Анда эң үлкөн порттогу, тагыраагы, Араб деңизинде жайгашкан порттогу база  кимге тиешелүү? Жибутидеги база кимдики? Тажикстандагы база кимдики? Ушундан келип чыгып айта турган болсок, Кытайдын эми экономикалык экспанисиядан тышкары аскерий жак менен басып алуу пландары көрүнө баштады. Алар биздин досубуз эмес. Эгер кырдаал өзгөрүп, Орусияга каршы иш алып баруу шарт болуп калса, бул ишти Кытай америкалыктардан да жакшыраак амалга ашырат”,- деди Багдасаров.

Маалым болгондой, Кытай соңку жылдарда Тажикстан өкмөтүнүн негизги инвесторуна айланган. Тажикстандын тышкы карызы 2,3 миллиард долларды түзсө, анын жарымын т.а бир жарым миллиард долларын Кытайга карыз.

Кытай тараптан берилген мындай үлкөн карыз көпчүлүктү катуу түйшөлтүп жатат. Кыргызстан депутаттарынын бири белгилегендей, Кытайдын инвестиция боюнча келишиминде атайын бир берене бар. Ага ылайык, мамлекеттер Кытайдан алган карыздарынын ордуна өз аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартышы керек. Натыйжада бул өлкө Кытай менен эл аралык сотто талашып-тартышуу укугунан ажырайт.

Ушул убакка чейин Кытай менен Тажикстандын ортосундагы карызга байланыштуу келишимдердин тексти бирер булакта жарыяланбаган жана шарттары анык көрсөтүлбөгөн. Тажикстан улуттук Банкынын төрагасынын орун басары Жамалиддин Нуралиев мунун себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү: “Кытайдын Тажикстанга жаткырган инвестициясы Бүткүл дүйнөлүк банк же Эл аралык Банктын эрежелерине ылайык, ашыкча шарттарсыз жолго коюлат”.

Бирок, Тажикстандагы эксперттер Кытайдын бул аракетине терс көз караш менен жандашып, Пекиндин Тажикстанга карата мындай “мээримдүүлүгүн” баскынчылык катары баалашууда. Расмий Пекиндин кайтарымсыз, шартсыз каражат бериши бул колонизаторлуктун бир ыкмасы. Эч күмөнсүз, Кытай келечекте берген каражаттарынын ордуна өз максаттарын жүзөгө чыгарат. Себеби, мойнуна чейин карызга баткан Душанбе, Кытай берген карыздарды белгиленген мөөнөттө төлөй албай, мажбур түрдө анын шарттарына ыраазы болуп, артка чегинет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here