Кыргызстандын депутаты Казакстанда камакка алынды
Казакстан Тышкы иштер министрлиги берген кабарга таянсак, Казакстанда өткөрүлгөн атайын операция учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Дамирбек уулу колго түшүрүлгөн.
Казакстандын башкы прокуратурасы маалымдашынча, Улуттук коопсуздук комитети жана Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро Алма ата, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында атайын операцияларды уюштурган. Операциянын жүрүшүндө 29 киши колго түшүрүлүп, алардын экөө Кыргызстан жарандары болгон.
Буга чейин Кыргызстандын маалымат кызматтары коңшу мамлекетте колго түшкөн жарандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Дамирбек уулу да бар экенин кабарлашкан.
Дамирбек Асылбек уулу “ири өлчөмдөгү контрабанда менен алектенген жана транс улуттук кылмыш топторуна мүчө” деп күмөн кылынууда.
Казакстанда кармалган кыргыз депутаты менен бирге дагы эки жаран (Уланбек Мурадилов менен Чынгыз Абакиров) Алма Ата шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
Түркистон:
Кыргызстан коррупциялашкан мамлекеттен да жогору көтөрүлүп, мафиялашкан кылмышкерлер кол астындагы мамлекетке айланып барууда! Кыргызстандан өтүп жаткан дүйнөлүк наркотрафика да жогорудагыдай мамлекет кызматчыларынын колу менен ишке ашырылат.
Мына ушундай ыплас кызматчылар бизди башкарып, үстүбүздөн өкүм чыгарууда! Депутат Дамирбек уулу колго түштү. Бирок, башкалары мындан да жийиркеничтүү жана калкка кыянаттык кылган иштерди амалга ашырып келишет. Алар азырынча колго түшкөн жок! Алар өлкөгө миллиарддаган долларлык зыян жеткиришсе да аларды коомдон четтетүүгө аракет болбойт. Ал эми, кыргыз өкмөтү, орган кызматкерлери, салык системасы, прокуротура жана сот системасына каршы ишенимсиздик күн өткөн сайын өсүп, аны оңдоого эч кандай чара көрүлбөйт. Анын ордуна, исламий хижаб, сакал жана даъват сыяктуу нерселерге тыюу салынууда. Бул нерселер түпкүлүгүндө коомго эч кандай зыян жеткирбесе да, бул мусулмандар эртең коомго зыян жеткириши мүмкүн деген мыйзамсыз негиз менен тыюу салуучу жазык мыйзамдары кабыл алынууда. Кызыгы ушул мыйзамдар, жогорудагы сыяктуу өзү чыгарган мыйзамды бузуп жаткан депутаттар аркылуу кабыл алынат!
Учурда казак тарап да, кыргыз тарап да бул депутатты контрабандада айыптоого шашылып жатат. А түгүл, өкмөттүн кеңешчиси Т. Мамытов бул кылмыш өкмөт менен парламентке кара так болду деп тан алды. Парламент болсо, бир нече депутат Казакстандын абагына барып, депутат Дамирбек уулу менен көрүшүп келиши керек деген сунушту киргизүүдө. Алар, депутатыбыз контробанда товарларын алып өтүү менен алектенип коюптур деп, ишти жаап жиберүүгө аракет кылышмакчы. Демек жетекчи чөйрө, депутат аркылуу буга чейин ишке ашырып келе жаткан олуттуу жана үлкөн кылмыштарды жашырмакчы!