АКШ Мисрге миллиард доллар бөлдү

339
0

АКШ Мисрге миллиард доллар бөлдү

 Вашингтон Каирге терроризм менен күрөшүү үчүн миллиард доллар бөлүп берди. Бул тууралуу 12-февралда Мисрдин тышкы иштер министри Самих Шукрий менен бирге уюштурулган пресс конференцияда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон билдирди.

 “Вашингтон Каирге терроризмге каршы күрөшүүдө аскерий салахиятын арттыруу үчүн миллиард доллар бөлүп берди. Биз Мисрди терроризмге каршы күрөштө колдойбуз жана жакындан кызматташууну улантабыз”,- деди Тиллерсон.

 АКШнын Мисрге берген ар бир жылдагы аскердик жардамы 1,3 млрд долларга жакын. Акыркы 30 жылда Вашингтондун Каирге берген аскердик-экономикалык жардамы жалпысынан 80 млрд. долларды түзгөн. Бирок, АКШ өткөн жылдын август айында Мисрде адам укуктары бузулуп жаткандыктан бул жардамдар 195 млн. долларга кыскара турганын маалымдаган.

 Ошол учурда АКШ мамлекеттик департаменти Каирге адам укуктарын коргоо тармагында өнүгүү көрсөткүчтөрүн өзгөртүүнү, айрыкча, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөчү мыйзамдарды жокко чыгарышы керектигин айткан. Шукрийдин билдиришинче, адам укуктары тууралуу маселе Каирдеги жолугушууда талкууланды.

 Маалымат жыйынында Каир менен Вашингтон “2+2” форматында эки тараптуу кызматташуу механизмин түптөөгө келишкени маалымдалды. Бул кызматташуу эки мамлекеттин тышкы иштер жана коргоо министрлеринин үзгүлтүксүз кеңешмелеринен турат. Шукрийдин ырасташынча, мындай форматтагы стратегиялык кеңешменин биринчи раунду ушул жылдын экинчи жарымында болуп өтүшү мүмкүн.

Түркистон:

Бүгүнкү күндөгү эл аралык саясаттын башкаруу негизи болгон дүйнөлүк куфр системасынын вазыйпасы, жетекчи мамлекеттерге кичинекей, алсыз мамлекеттерди моюн сундуруп берүү механизмдерин иштеп чыгуудан турат! Жогорудагы диний чөйрөлөргө сокку берүү үчүн мамлекеттерге атайын бөлүнгөн каражаттар, жетекчи катмарды ээлеп алган бир тайпа саткын мусулмандардын, куфр системасына кылып жаткан кызматы үчүн берилүүдө!

Исламий жерлердеги бийлик өкүлдөрү, куфрдун ушул “садакасын” алуу максатында атайын исламий кооп-коркунучтарды пайда кылып барышат! Алар Ислам жана мусулмандар атынан кылмыштарды кылышып, тынч жашап жаткан алсыз момундарды жазалашат же жардыруу амалияттары аркылуу аларды өлтүрүп жиберишет. Муну менен бирге Исламга кыянаттык кылып, мусулмандарды кордоо аркылуу аларды нааразылыкка, маддий күрөштөргө провокация кылышат! Максаттары бир гана куфр системасынын “садакасына” жетишүү! Бул жийиркеничтүү жана төмөн жетекчилерибиз, куфрдун бул саясаты артында эмне турганын түшүнүп жетүүгө да жарашпайт!

АКШ башында турган дүйнөлүк куфр системасы, исламий өлкөлөрдөгү жетекчилер үчүн ар жылы атайын Ислам жана мусулмандарга каршы алып барылган иштеринин көлөмүнө карап каражат бөлүп берет. Бирок, мусулмандарды чалгытуу жана алардын каар-азабынан саткын башкаруучуларды сактап калуу максатында да иш алып барышат. Бул каражаттар экстремист, террористтерди жок кылуу шылтоосу менен мусулмандар эркин жашоосу үчүн сарпталат. Бул үчүн үлкөн күч сарпташып, идеологиялык күрөш алып барышат.

Түпкүлүгүндө ушул каражаттар болбогондо же ушул акчалар үчүн ыйманын куфрга сатып жибере турган саткын мусулман жетекчилер болбогондо, жашообуз мынчалык төмөндөшүп кетпес эле!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here