АКШ санкциялар тизмесин дагы кеңейтти

415
0

АКШ санкциялар тизмесин дагы кеңейтти

АКШ каржы министрлиги Орусияга байланыштуу санкциялар тизмесин кеңейткенин кабарлады. Ишмердүүлүгүнө түрдүү чектөөлөр киргизилген кишилердин тизмесине, Орусиянын колдоосундагы Донецк жана Луганск элдик республикаларынын 10 министринин ысымдары жана Севастополь шаарынын мэри Дмитрий Овсянников да киргизилген, деп кабарлады “РИА Новости” агенттиги.

“Ушул санкциялар Украинанын бүтүндүгүнүн бузулушуна себепчи болгон адамдарды жоопкерчиликке тартууга каратылган аракеттердин бир бөлүгү” деп айтылат аталган кабарда.

Жаңы санкциялар тизмесине ДЭР маалымат министри Игорь Антипов, өнөр-жай жана соода министри Алексей Грановский, каржы министри Екатерина Матющенко, тышкы иштер министри Наталья Никонорова, мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Владимир Павленко, адилет министри Елена Радомская, салык министри Александр Тимофеев, экономика министри Елена Костенко, ЛЭР эмгек жана социалдык саясат министри Светлана Малахова, энергетика министри Павел Мальгиндер киргизилген.

АКШ финансы министринин айтымында, жогоруда аты аталган жарандар Украинанын бүтүндүгүн бузууда, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө кооп салууда жана башка иштерде айыпталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here