АКШ Ирандан бардык саясий туткундарды эркиндикке чыгарууну талап кылууда
Ак үй Иран бийлигинен демонстрацияларда кармалган адамдарды бошотууну талап кылды. Дональд Трамп админстрациясынын шаршемби күнү жарыя кылынган билдирүүсүндө, Вашингтон миңдеген адамдар камакка алынышы, кыйноолор жана демонстранттар өлтүрүлүшү жөнүндөгү кабарлардан тынчсызданып жаткандыгы баса белгиленет.
Билдирүүдө Иранда саясий туткундарды азаттыкка чыгаруу, ошону менен бир катарда жакында камакка алынган демонстранттарды бошотуу талап кылынат.
Иранда акыркы демонстрациялар себептүү камакка алынгандардын так саны азырынча белгисиз. Расмийлер жүздөгөн адамдар кармалганын жана алардын көпчлүгү эркиндикке чыгарылганын билдирип жатышат. Башка булактарда келишинче, миңдеген адамдар камакта жатат. Полиция менен кагылыштарда 20дан ашык адам өлгөн.
Иранда нааразылык акциялары декабрь айынын аягында башталып, бир аптадай убакыттан кийин бастырылган.