Жээнбеков: Салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү керек

337
0

Жээнбеков: Салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү керек

 Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары дүйнөдө коомду радикализациялоо жана экстремисттик, террористтик идеяларды таркатуу максатында диний чөйрөнү колдонуу өнөкөтү күчөп жатканын жана бул көрүнүш Кыргызстан үчүн да коркунуч туудурганын белгиледи. Бул тууралуу президент 5-январда Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алуу учурунда айтты.

 Президент: “Калктын диний чөйрөдөгү билим деңгээлин жогорулатуу боюнча жумушту күчөтүп, бардык медреселерде жана башка диний билим берүү мекемелеринде бирдиктүү окутуу программасы ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү  зарыл. Бул максатта Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия диний уюмдар, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы, аймактардагы бийлик өкүлдөрү, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө тийиш. Салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү керек”,- деди.

Жээнбеков диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат светтик мамлекеттин принциптерине таянып жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи. О.э. диний уюмдардын жана окуу мекемелеринин реестрин түзүп, диний радикализм жайылышынын алдын алуу максатында алардын каржылык жана башка ишмердигин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Туркистон:

Мабдаъ – бул өзүнөн түзүм келип чыгуучу аклий акыйда. Башкача айтканда, ар кандай мабдаъ өзүнүн фикрат жана тарыйкатына ээ болушу шарт.

Исламий мабдаъ – исламий фикрат жана исламий тарыйкаттан турат. Исламий фикрат – бул адамдын гарыйзалары (инстинктери) талабынан келип чыккан проблемалары үчүн шаръий чечимдер. Т.а. ар бир нерсе жана аракеттин шаръий баяны.

Исламий тарыйкат – бул исламий фикраттын коомдо бар болушун жана проблемаларды муалажа кылууну (дабалоону) кепилдей турган шаръий өкүмдөр баяны. Т.а. ар бир шариятка тескери, бузук мамиле жана аракеттерди тыюучу жана аларды коомдон четтетип жиберүүчү өкүмдөр.

Демек, исламий фикрат исламий тарыйкат менен корголушу важиб. Башкача айтканда, ар бир арам амал аны тыюучу же коомдон жок болушун камсыздоочу исламий тарыйкат өкүмдөрүнө муктаж! Исламды түшүнө ала турган ар бир мусулман, муну четке кагуу кафирлик экендигин өтө жакшы билет.

Кыргызстан бийлиги“мээлүүн Ислам” деген аталыштагы куфр долбоорун сунуштап келет. Бул куфр долбоору, исламий фикратка негизделген айрым өкүмдөрдү өзүнүн исламий тарыйкатын четке кагып, куфр тарыйкаты менен чечип барууга чакырат! Себеби, шаръий коида боюнча “Ислам дининен тышкарыдагы бардык чечимдер куфр деп этибар кылынат”.

Дүйнөлүк куфр системасы исламий өлкөлөрдүн жетекчилери менен диний лидерлерин мээлүүндүккө негизделген куфр долбоорун көтөрүп чыгууга мажбурлап келет. “Ыйман” фонду деп аталган жогорудагы тузак да куфрдун ири айла-амалдарынын бири!

Алар “радикал” деп атап, өзүнө караштуу топ аркылуу коомдон четтетмекчи болуп жаткан адамдар, негизи исламды мабдаъий түзүм деп эсептей турган боордошторубуз! Бул дүйнөдө биз бири-бирибизди мусулман боордошум деп эсептөөгө буюрулганбыз. Бирок, ким мусулман, ким мунафык, же билбеген абалда кафир болуп калганын Аллах билип турат. Кыямат күнү бардык акыйкат ачылат! Ошол күн келгенче бардыгыбыз өз ордубузду аныктап билип алышыбыз керек!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here