Иран АКШны башаламандыкка үндөгөндүктө айыптады

876
0

Иран АКШны башаламандыкка үндөгөндүктө айыптады

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Голамали Хошру БУУга расмий түрдө кайрылып, АКШны Ирандын ички иштерине аралашууда жана башаламандыкка үндөп жаткандыкта айыптады.

 “АКШ бийлиги мамлекеттер арасындагы мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык укуктардын принциптерин бузуп жатат. Дональд Трамп башында турган америкалык админстрация акыркы учурларда Ирандын ички маселелерине киришип, нааразылык акцияларын колдоо менен акцияларды зомбулукка жана вандализмге алып келди”,- деп айтылат кабарда.

Ирандык дипломаттын айтымында, АКШ президенти жана анын жардамчысы социалдык тармактагы баракчасына шылдың иретинде билдирүүлөрдү тынымсыз жазып,ирандыктарды чагымчылдык менен башаламандыктарга үндөгөн.

 Кабарда: “Иран Ислам Республикасы бардык мамлекеттерден бул кооптуу саясатты каралаган пикирлерди күтөт. О.э. АКШдан БУУнун эл аралык укуктар боюнча уставынын  негизинде жоопкерчиликтүү мамиле кылууну талап кылат”, – деп айтылат.

Президент Хасан Рухани билдиргендей, нааразылык акциялары мамлекеттеги ички прорблемалар себептүү о.э. башка мамлекеттердин кийлигишүүсү менен болуп жатат. ЖМКлар кабарлагандай, нааразылык акциялары учурунда кеминде 20 адам өлүп, Тегерандын өзүндө эле болжол менен 450 адам кармалган.

3-январда Революция сакчылары корпусунун башчысы Мухаммад Али Жаъфари акыркы күндөрдө болуп жаткан нааразылык акциялары соңуна чыккандыгын билдирген.

АКШ президенти Дональд Трамп нааразылык акциясына чыккандарга колдоо көрсөтүп, “Твиттер” баракчасында: “Ылайыктуу учурда силер АКШдан чоң колдоону көрөсүңөр”, – деп жазган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here