Трамп: Пакистанга миллиарддаган доллар берип акмактык кылдык!

414
0

  Трамп: Пакистанга миллиарддаган доллар берип акмактык кылдык!

АКШ президенти Дональд Трамп Пакистанды “террористтерди” коопсуз жай менен камсыздагандыкта айыптады. Трамп Вашингтон Исламабадга миллиарддаган доллардык жардам берип ката кылгандыгын баса белгилеп, АКШ Афганистанда кысымга алган “террористтерге” Пакистан бийлиги өз аймагынан баш баанек бергендигин айтты.

Президент Трамп дүйшөмбү күнү твитер баракчасы аркылуу: “АКШ 15 жылдан ашуун мөөнөт ичинде Пакистанга 33 миллиард доллар жардам берип акмакчылык кылды. Американын жетекчилери акылсыздык менен ушул ишти кылышты. Биз бул акчаларды Исламабадга жалган жана алдоолору үчүн бердик, башка нерсе үчүн эмес. Алар бизди акмак деп ойлошууда”, – деди.

 “Себеби, Афганистанда бизге каршы согушуп жаткан террористтерди алар коопсуз жайлар менен камсыздашты. А бирок, алардын жардамы өтө алсыз “, – деп кошумчалаган Трамп.

Трамп буга чейин да террорчуларды жашырууда Пакистандын ролу бар экендигин айтып: “Эгерде террорчуларга баанек берүүнү улантса өтө чоң зыян көрөт. Бул абалды тезинен өзгөртүү керек”, – деген эле.

Туркистон:

Пакистан бийлиги АКШга малайлык кылууну жакшылап аткарып келген. Пакистан Американын ишарасы болмоюнча бир кадам да таштабайт. Америкалык кожоюндарына кызмат кылууда күчүн аябайт.

Пакистандын курал-жарактарынын негизги бөлүгү Американын куралдарынан турат. Запастык бөлүктөрү  да, ок-дарылар да Американыкы. Аскердик машыгуулар да америкача көрүнүштө өткөрүлөт, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдер да Американын каалоосуна ылайык түзүлөт, аскерий базалар да Американыкы. Пакистан режими өзүнүн кубаттуу армиясынан Американын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн гана пайдаланат. Мисалы, 1989-жылы Коргол дөңсөөсүндө Пакистан армиясы Кашмирди азат кылууга бир кадам калганда о.э. Пакистан армиясы Дели шаарына жакындап калган учурда Пакистан АКШнын буйругу менен өз армиясын артка кайтарып, кашмирлик мусулмандарды жардамсыз таштап койду. Мындан тышкары, АКШнын “Блек Вотер” сыяктуу бузуку топтору Пакистанда тоскоолдуксуз жүрүшүнө уруксат берилген. Ал тургай, билим берүү тармагында да АКШнын буйругу менен динсиз көзөмөлчүлөр коюлган.

Бирок, Пакистан ушунчалык кызмат кылышына карабастан Вашингтон ага нааразы экендигин билдирүүдө.

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

-“Яхудий жана насронийлер алардын динине кирмейинче, эч качан сенден ыраазы болушпайт”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here