Эрдоган Рим папасы менен Кудус маселесин талкуулады

340
0

Эрдоган Рим папасы менен Кудус маселесин талкуулады

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Рим папасы Франциск менен телефон аркылуу байланышып, АКШ президенти Дональд Трамп жарыя кылган Кудус проблемасын талкуулашты. Бул тууралуу Түркия президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Булактын билдиришинче, президент Эрдоган менен Рим папасы диндер ортосунда өтө маанилүү орун ээлеген жана регион туруктуулугу үчүн маанилүү рол ойногон Кудустагы азыркы кырдаалды коргоо өтө маанилүү экендигин баса белгилешкен. О.э. эки тарап тең Кудустун макамын сактап калуу үчүн биргелешкен аракет зарыл экендигин айтып өтүшкөн.

Сүйлөшүү учурунда президент Эрдоган менен папа Франциск жакынкы күндөрдө жолугушууга келишип алышкан.

Туркистон:

Үстүртөн караганда, Эрдоган Кудус үчүн кайгырып жаткан мусулман жетекчи болуп көрүнөт. Себеби, ал Трампка каршы кескин билдирүүлөр менен чыкты. (Израил)ди ачык эле “баскынчы террордук мамлекет” деп атады. Стамбулда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитин чакырып, Чыгыш Кудусту Палестинанын борбору деп жарыя кылды.

Ал эми маселеге тереңирээк көз чаптырсак, туура, Эрдоган Ислам кызматташтык уюмунун жыйынында (Израил)ди ачыктан-ачык баскынчы террор мамлекети деп атады, бирок ошол террор мамлекети менен саясий, аскерий жана экономикалык алакаларды үзбөдү. Негизи, “террорго каршы күрөш” деген аталышта күн сайын мусулмандарды камакка алууда.

О.э. Эрдоган АКШ президенти Дональд Трампка да “Өзүңүзчө чечим кабыл алууга акыңыз жок, дүйнө бир гана сизден турбайт” деп кайрылды. Ал эми чечимге келгенде, АКШнын Палестина боюнча “эки мамлекет” долбоорун көтөрүп чыкты жана ушул долбоор негизинде токтом кабыл алынды.

 Ислам кызматташтык уюмунун билдирүүсүндө жалпысынан: “Эки мамлекет долбоору негизине курулган адилеттүү жана кеңири масштабдуу тынчтыкка амал кылууну жарыя кылабыз”, – деп айтылат. Негизи, Жакынкы Чыгышта Британия “бир бүтүн мамлекет” долбоорун көтөрүп чыгып жаткандыгы жана буга тескери көрүнүштө АКШ “эки мамлекет” долбоорун киргизип жаткандыгы жашыруун сыр эмес.

Ушундай болгон соң, тыянак катары төмөнкүнү баса белгилейбиз, Кудус маселеси Рим папасы менен талкуулоо, же БУУга кайрылуу менен чечилбейт. Тескерисинче, мунун анык шаръий өкүмү бар. Халифа Абдулхамидге Палестина маселеси сунушталганда ал азыркы акимдер сыяктуу сындап отурбады, Папа менен талкуулабады, тескерисинче, бул тууралуу келген шаръий өкүмгө амал кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here