Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев жолугушту

266
0

Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев жолугушту

  Шавкат Мирзиёевдин чакыруусуна ылайык, 13-декабрь күнү расмий сапар менен Өзбекстанга барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Расмий тосуп алуу иш-чарасынан кийин эки өлкөнүн президенттери тар курамда жолугушуу өткөрүштү.

 Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду Кыргызстан президенти болуп шайлангандыгы менен дагы бир жолу куттуктап, бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптуу алакаларды жаңы баскычка алып чыгарына ишеним билдирди.

 “Сиз чет өлкөгө алгачкы сапарыңыздын бирин Өзбекстанга жасаганыңызды биз жогору баалайбыз. Муну биз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуу катары карайбыз”,- деди Мирзиёев.

  Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевге Өзбекстанга чакыргандыгы, жылуу тосуп алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

 “Сиз мамлекеттерибиз ортосундагы чек араны чыныгы достук, жакыш коңшулук жана өнөктөштүк чек арасына айландырдыңыз”, – деди Жээнбеков.

 Президенттер ушул сапар соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жаатындагы иштерди аягына чыгаруу, жаңы өткөрмө бекеттерди ачуу жана алардын натыйжалуу иштешин камсыздоо, суу ресурстарынан пайдалануу маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин баса белгилешти.

  О.э. тараптарды кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Туркистон:

Кыргызстан президентинин Өзбекстанга бул сапары күтүүсүздөн жана тез арада уюштурулду. Буга Жээнбековдун Минск шаарында Назарбаев менен жолугушуп, бир катар келишимдерди түзгөндүгү себеп болду. Бул жолугушуудан кийин кыргыз-казак чек арасы ачылды жана Казакстан сунуштаган жол картасын ишке ашырууга ыраазылык берилди. О.э.  жолугушуу учурунда,  Жээнбеков кийинки сапары Казакстанга болоруна ишара кылуучу сөздөрдү айтты.

Атамбаев атайылап Жээнбековду Өзбекстан тарапка буруп жиберди. Ал ушул аркылуу өзүнүн президент болгон таасирин көрсөтүп коймокчу болду. О.э. президент аркылуу Кыргызстанга таасирин көрсөтмөкчү болуп жаткан Назарбаевге тосмо койду. Анын бул саясий таасиринен кийин кыргыз калкын дагы кандай күндөр күтүп турганын алдын ала айтуу кыйын. Бирок, Назарбаев бул ишти ушул бойдон калтырбаса керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here