Бишкекте ТүркПАнын жыйыны болуп өттү
“Ала-Арча” резиденциясында 8-декабрь күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын 7-отуруму болуп өттү.
Жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттер – Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан парламенттеринин спикерлери катышты. Венгрия парламентинин вице-спикери Иштван Якаб байкоочу катары катышты. Мындан тышкары, Өзбекстан жана Түркмөнстандын делегациялары ардактуу конок катары чакырылган.
ТүркПАнын жыйынына Өзбекстандын делегациясы алгачкы жолу катышты.
Жыйын башталышынын алдында катышуучулар 1916-жылы курман болгондордун элесине арнап курулган “Үркүн” мемориалына о.э. 1930-жылдардагы репрессияда курман болгондордго курулган “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюшту. Андан соң,кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун мемориалына да гүл коюшту.
2018-жылы ТүркПАга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилди.
Катышуучулар башкы катчынын орун басарларын шайлашты, Андан тышкары,уюмдун бир катар комитеттеринин жасалган иштери каралып, ТүркПАнын кийинки жылга белгиленген бюджети жактырылды. ТүркПАнын кезектеги жыйыны “Ала-Арча” декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталды.