“Куддус (Израиль) үчүн борбор эмес, мазар болот”

547
0

“Куддус (Израиль) үчүн борбор эмес, мазар болот”

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты Куддус (Израиль) борборуна айланышы маселесине нааразылык катары Түркиянын Анкара, Стамбул, Бурса, Адана, Шанлиурфа, Диярбакир, Газиантеп, Битлис, Ван, Мерсин, Хатай, Икония, Кахраманмараш, Айдин жана Ялова аймактарында демонстрация өткөрдү. Демонстрацияга көптөгөн мусулмандар активдүү катышышты. Демонстрация учурунда “Куддус үчүн бириккиле, Куддус (Израиль) үчүн борбор эмес, мазар болот” деген темадагы билдирүү сунушталды.

Билдирүүдө: “Эй мусулмандар! Белгилүү болгондой, Куддус – бул Исро жана Меърож жери. Куддус мусулмандардын алгачкы кыбыласы. Куддус – бул бизге Аллахтын жана Расулу с.а.в.дын аманаты. Ошондуктан, Куддус эч качан яхудийлердин борбору боло албайт. Дагы бир жолу баса белгилейбиз, Куддус алар үчүн мазар гана болот”, “Боордоштор, өз пайгамбарынын тилинде наалаттанган яхудий коом көптөгөн жылдардан бери мубарак жерде бузукулук кылууда. Ал-Акса мечитин тебелеп-тепсеп, палестиналык боордошторубузду өлтүрүүдө. Алар өздөрүнүн жийиркенитүү кылмыштарын ишке ашырууда айланадагы өнөктөш жана көз каранды болгон режимдерге ишенишет. Эгерде бул режимдердин кыянаты, паскечтиги болбогондо, анда яхудийлер Акса мечитине жакындай алмак эмес”, “Эй мусулмандар! Куддус жана Акса мечити каралаган билдирүүлөр менен эле куткарылбайт. Ислам Кызматташтык Уюмунун жолугушуулары менен да, БУУнун резолюцияларына баш ийүү менен да, (Израиль) менен дипломатиялык мамилени үзүү менен да, тынчтык келишимдерин түзүү менен да, эки мамлекет чечими менен да куткарылбайт. Куддус жана Акса мечити “Куддус баскынчылардын астында турганда, бизге жылмаюу арам болсун”, деген Салахиддин сыяктуу кол башчылар менен, “эгерде биз улуулукту Исламдан башкасынан издесек, Аллах бизди кор кылат” деген Умар р.а. сыяктуу жана “Мен Палестинанын бир карыш жерин да сатпаймын. Анткени, ал менин эмес, Ислам үммөтүнүн мүлкү”,  деген Абдулхамид сыяктуу жетекчилер менен куткарылат. Кыскасы, Куддус сөздөр менен менен эмес, кошуундар менен азат болот”, – деп айтылат.

О.э. АКШнын Стамбулдагы консулдугунун алдында да нааразылык акциясы уюштурулду. Ал жерде да Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын басма сөз өкүлү “Куддус (Израиль) үчүн борбор эмес, мазар болот” деген темадагы билдирүүнү окуп берди. Акцияга чогулгандар Куддустун азаттыгы жана үммөт куфр зулумунан азат болушу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө жолунда тынымсыз аракет кылууга ант беришти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here