Нетаняху: Араб мамлекеттери менен жашыруун алакаларыбыз бар
(Израил)дин премьер-министри Бенямин Нетаняху (Израил)дин араб мамлекеттери менен парда артында болуп жаткан кызматташтыгы жакшы натыйжа берип жатканын билдирди. Нетаняху бул тууралуу (Израил)дин негиздөөчүсү Давид Бен-Гурион өлгөндүгүнүн 44 жылдыгына байланыштуу Батыш Куддуста уюштурулган иш-чарада билдирди.
“Араб мамлекеттери менен жемиштүү кызматташтыгыбыз көбүнчө жашыруун түрдө болууда. Мен бул алакалар дагы да өнүгүшүнө жана тынчтык чөйрөлөрүн кеңейте турган натыйжаларды беришине ишенемин. Ушундай болот, себеби, парда артында уланып жаткан кызматташтыгыбыз ушуга далалат кылууда”, “Кимде-ким бизди бутага алса, биз аны атып таштайбыз. Кимде-ким бизди кыргын кылууга аракет кылса, ал өз өмүрүн коркунучка кептеген болот”, – деди (Израил)дин премьер-министри.
О.э. (Израил)дин энергетика министри Юваль Штайниц да Саудия менен (Израиль) ортосунда жашыруун алака бар экендигин билдирди. Штайництин билдиришинче, эки мамлекет ортосундагы алаканын жашыруун болушу араб бийликтеринин талабы.
“Биздин бир нече мусулман жана араб мамлекеттери менен жашыруун алакабыз бар. Бул алаканын жашыруун болушу биздин талап эмес, тескерисинче, ортодогу алаканы сыр сактоо алардын каалоосу. Биз үчүн проблема жок, бирок, биз алардын каалоосун урматтайбыз. Ошондуктан, биз аны сыр сактайбыз”, – деди Штайниц.
Өткөн аптада (Израиль) башкы штабынын башчысы Гади Айзенкот Саудиянын “Илафа” гезитине берген интервьюсунда, (Израиль) өкмөтү Саудия жана башка муътадил (мээлүүн) араб мамлекеттери менен тажрыйба жана разведка маалыматтарын алмашууга даяр экендигин билдирген эле.