Атамбаев: Мунун баары Казакстандын жетекчилигинин кесирлигинен болуп жатат
Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБдеги абалды о.э. кыргыз-казак чегарасындагы абалды кескин сындады.
Атамбаев бизнести өнүктүрүү үчүн ири базар керектигин жана Кыргызстан ЕАЭБге чоң үмүт менен киргендигин билдирди. Атамбаев бул чечим туура чечим болгондугун баса белгилеп, мамлекет аталган уюмда калышы керектигин айтты.
“Күн сайын Россия менен Казакстандын ЖМКларын окуйм. Алар Атамбаев ЕАЭБди бузууга аракет кылып жатат деп жазышууда. Бул акылга сыйбаган нерсе. Кыргызстан биримдиктен чыкпайт жана чыгайын деген ою да жок”,- деди Атамбаев.
О.э. иш жүзүндө Кыргызстан бир айдан ашык убакыттан бери ЕАЭБден ажырап калгандыгын айтты.
Атамбаев: “Мунун баары Казакстандын жетекчилигинин кесирлигинен болуп жатат. Эми кимибиз биримдикти бузуп жатабыз? Муну акылы жоктор менен көргүсү келбегендер эле байкабай жатат. Кыргызстан өзүнүн ички иштерине кийлигишпей, мыйзамды сыйлоону талап кылганы үчүн блокада коюп жатышат. Эгер бардыгы келишимден эмес, кээ бир президенттердин кыялынан көз каранды болсо, ЕАЭБ цивилдүү экономикалык аймак боло алабы? Мени биримдиктеги мамлекет башчылары менен ЕЭКтин башчысы Тигран Саргсяндын көңүлкоштугу таң калтырат. Саргсян коңгуроо кагышы керек эле да. Аларга баары бир экен”, – деди.
Атамбаевдин айтымында, Казакстан жетекчилигинин аракеттери жана ЕАЭБдин эч нерсе кылбай жатышы биримдиктин имиджине доо кетирип жатат.
Ал: “Кагазда көрсөтүлгөн нерселердин баары иштебей, кайсы бир падышанын кесирлиги болгон жерге кимдин кошулгусу келет?”, – деди.
О.э. 2014-жылы дагы бир кошуна мамлекеттин президентинин кесирлигинен Кыргызстандын түштүгү газы жок калгандыгын айтты.
“Анда мени карып калган диктаторго тизелеп барып кел деп деп айтышкан …”,- деди президент.
“Биз өзүбүздү сыйлабасак, бизди ким сыйлайт? Азыр дагы алдына чөгөлөп барып кечирим сурасын деп жатат … Муну мамлекеттин баркын бир тыйынча баалабаган “саясий сасыткылар” айтып жатат. Мен эмне үчүн кечирим сурашым керек? Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, өлкөнүн ички ишине кийлигишпегиле деп талап кылганым үчүнбү? Кечиримди Атамбаев эмес, башка мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, өзүнүн “кол баласын” таңуулаганга аракет кылгандар сурасын. “Кол бала” отурат, бирок президенттик орунга эмес, түрмөгө”, – деди Атамбаев.
Туркистон:
Атамбаев президенттиктен кеткен менен чоң саясатта калмакчы болууда. Анын арзуусу боюнча, жетекчи топту өз таасири астында кармап калуу менен тымызын бийлик жүргүзүп, кийинчерээк премьер-министрликке кайтып келмекчи болууда. Казакстан президентинин Кыргызстанга каршы жүргүзгөн саясаты, Атамбаевдин дал ушул арзуусун жокко чыгарууга багытталган.