Кытай бийлиги Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө шым жана чачка чейин жетип келди
“Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун расмийлери сепаратисттик маанайдагы мусулман уйгурларды аныктоо үчүн диний экстремизм белгилеринин кеңейтилген тизмесинен пайдалана башташты”, – деп кабарлады “Radio Free Asia” радиосу.
Намаз убактысында колун көкүрөгүнө коюп жаткан же чачын хна менен боёгон, үйдө чоң өлчөмдөгү тамак-аш запасын сактап жаткан, мечиттен тышкарыда намаз окуган, колуна саат тагынган, шымынын багалеги кыскартылган, эркек болушуна карабастан, чачын узун кылып өстүргөн жана башка ушул сыяктуу белгилери бар адамдар камакка алынышы мүмкүн. Буга чейин бул тизмеге 75 белги киргизилген эле, азыр алардын саны канча болгондугу тууралуу анык маалымат жок.
Кытай коммунисттик партиясынын Хотан округдук бөлүмүнүн катчысы: “Алардын бул жерде кандайдыр уюму бар, алар бири-бирин хна менен боёлгон чачтарынан таанышат. Болбосо, алар чачтарын боёмок эмес”, – деди.
Дагы бир партиялык кызматкер: “Эгерде адам партиянын өкүлү менен саламдашпаса же спирттик ичимдиктерди ичпесе – булардын бардыгы диний экстремизмдин белгилери болуп эсептелет”, – деди.
Туркистон:
Кытай бийлигинин Чыгыш Түркстандагы уйгур боордошторубузга каршы мындай жырткычтык репрессиясын бүт дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар көрүп-билип туруп, эч нерсе кылбай жатат. Эмнеге мындай болууда? Себеби, бул миллиондогон мусулман чачыранды болуп, бир мамлекетке бирикпеген. Башкача айтканда, рошид Халифалык мамлекети астында бирикпеген.
Негизи, ушул мамлекетти кайрадан тикелөөгө аракет кылуу жана иштерди өз ордуна коюучу, мусулмандарды коргоп, аларга калкан болуучу бир имам-халифаны шайлоо ар бир мусулманга фарз. Сахихи Бухарийде Абу Хурайра розияллоху анху Расулуллах соллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылган:
“Халифа калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат”.
Качан Халифалык мамлекети тикеленсе, ошондо Кытай жана башка колонизатор мамлекеттер бирер мусулманга зыян жеткирүүгө батына албай калышат. Себеби, алар бул нерсе өздөрү үчүн өтө кымбатка түшөрүн жакшы билишет. Аллахтын кудурети чексиз!