АКШ менен Катар терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселесинде келишип алышты

322
0

АКШ менен Катар терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселесинде келишип алышты

АКШ менен Катар терроризмге (Исламга) каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтүүгө чечим кабыл алышты. Бул чечим АКШ каржы министри Стивен Мнучиндин Катардын борбору Доха шаарына расмий сапарынан кийин ортоктош билдирүү аркылуу жарыя кылынды. Башкы кеңсеси Катарда жайгашкан “Ал-Жазира” телекомпаниясынын билдиришинче, аталган чечим Перс булуңундагы саясий кризис региондогу туруктуулукка коркунуч туудургандан кийин кабыл алынган.

Стивен Мнучиндин расмий сапарынан көздөлгөн максат “терроризмди каржылоого жол бербестик” экендиги айтылууда. Катардын Амири Шайх Тамим Бин Хаммад ал-Сани менен о.э. дагы башка расмийлер менен жолугушкан АКШнын каржы министри Стивен Мнучин эки өлкө “терроризм”ди каржылоого каршы аракеттерин бириктирүүгө колунан келишинче аракет кыларын билдирди.

Стивен Мнучин, айрыкча, АКШ менен Катарды тынчсыздандырган аймактарда терроризмге (Исламга) каршы күрөштө биргеликте аракет кыла тургандыгын баса белгиледи.

Министр Стивен Мнучин бир апталык сапары учурунда Саудияга жана Бириккен Араб Эмираттарына о.э. Катарга барды.

Саудия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Мисир өткөн июнь айында Катар менен дипломатиялык алаканы үзгөндүгүн жарыя кылышкан эле. Ошондо Булуң мамлекеттери Катарды терроризмди каржылоодо айыптап, Катарга каршы кургактык, деңиз жана аба эмбаргосун киргизүүгө чечим кабыл алышкан эле.

Туркистон:

Эл аралык саясат өзүнүн жалпы стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Т.а. исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардан турган жетекчи топтордун өкүлдөрүнөн  башкаруу системасы куфрга негизделгендигин ачыктоону талап кыла баштады. Илгери эл аралык саясат исламий өлкөлөрдүн жетекчилигине исламий түс берүү менен, аларга каршы чыгып жаткан мусулмандарды Исламга каршы чыгып жаткандай көрсөтүүгө умтулушат эле. Бийликтегилердин ар бир ишине – таъвил кылып болсо да – шаръий түс берүүгө аракет кылышат эле. Эми Ислам өлкөлөрүндөгү бардык жетекчилерди куфрга негизделген башкаруу түзүмдөрүн ашкере кылууга жана куфр дүйнөсү менен ачык эле кызматташууга мажбурлай башташты. Демек, куфр өзүнүн идеологиясы менен толук жеңилди! Эми куфрга негизделген, исламий түс берилген “муътадилдик” (мээлүүн) аты менен кафирлер сунуштап жаткан робита менен Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшмөкчү! Аныгыраагы, биз мусулмандарды экиге бөлүп алып, мусулмандар жардамында Ислам идеологиясына каршы күрөшмөкчү болууда!

Боордоштор, куфрдун айла-амалдарынан сак бололу! Анын колунда  куурчак болуп, куфрдун кызыкчылыгы үчүн бири-бирибизге каршы күрөшүүү менен акыретибизди күйдүрүп жиберүүдөн этият бололу! “Муътадил ислам” сөзү – кудум “террорист, экстремист…” сыяктуу эле  – куфр терминдеринин бири. Ал идеология жана терминдердин Исламга эч кандай тиешеси жок! Исламий идеология “Лаа илаха иллаллах” акыйдасына курулган. Ал тургай,  муртад болгон мусулмандарга каршы күрөштө да куфр менен биригүү мүмкүн эмес!   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here