Ташкентте терроризмге каршы күрөш боюнча конференция болуп өттү

303
0

Ташкентте терроризмге каршы күрөш боюнча конференция болуп өттү

Ташкентте 1-ноябрь күнү “Терроризмге каршы күрөшүү – чек арасыз кызматташтык” деген аталышта өткөрүлгөн конференцияда ШКУ аймактык антитеррор түзүмүнүн башчысы Евгений Сысоев дүйнөдөгү терроризм тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Sputnik сайты кабарлаган.

 Анын билдиришинче, дүйнөдө туруксуз жана алдын ала айтуу кыйын болгон абал пайда болгон. Жакынкы Чыгышта кагышуулар уланып, дүйнө мамлекеттеринин тынчтыгына коркунуч туудурууда.

 “Антитеррор күчтөрүнүн аскерий басымы натыйжасында Сирия жана Ирак аймагында согуштук аракеттердин географиясы өзгөрүшү менен террорчулардын тактикасы да өзгөрүүдө. Эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрү Афганистан аймагына өтүп алышууда, ошону менен бирге ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чек араларына жакындашууда. О.э. террорчулар өз өлкөлөрүнө кайтып келип, ал жерде жашыруун ячейкаларды түзүшүүдө”,- деди Сысоев.

ШКУ антитеррор  түзүмүнүн башчысынын айтымында, ушул шарттарда коркунучтарга каршы иш-чараларды аныктоо жана ишке ашыруу аталган түзүмдүн эң негизги милдети болуп эсептелет.

Сысоевдун айтымында, антитеррор түзүмү иш-аракет жана ылайыкташтыруу боюнча өтө чоң тажрыйбага ээ болгон. Өз ара маалымат алмашуу жана ыкчам издөө о.э. процессуалдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча укуктук документтер иштелип чыгып, тастыкталган.

Түзүмдүн кеңеши тарабынан кызматташтыкта кабыл алынган чаралар негизинде терроризм үчүн эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана экстрадиция кылуу жараяндары ишке ашырылат.

 Сысоев: “Жүз берген ыкчам абалды эсепке алган абалда, эл аралык террордук уюмдардын негизин түзүүчү чет өлкөлүк террорчу согушкерлерге каршы күрөшүү антитеррор түзүмүнүн негизги милдети болуп эсептелет.  Ал үчүн “Ислам мамлекети”, “Жабхат ан-Нусра”, “Хизб ут-Тахрир ал-Исламия”, “Чыгыш Түркстан исламий кыймылы”, “Тажикстан исламий кайра жаралуу партиясы”  жана башкалардын ишмердүүлүгү туурасында маалымат алмашуу иштери аткарылат. Бул нерсе Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү террордук уюмдарга кошулган адамдарды аныктоо жана издөө иштеринде жардам берүүдө”,- деди.

Сысоевдин сөздөрүнө караганда, жыл сайын 2-3 жолу өткөрүлүп жаткан антитеррордук  машыгуулар кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошууда.  Тажикстан, Кытай жана Россиянын атайын кызматтары Душанбе, Артуш, Ярославль шаарларында машыгууларды өткөрүшкөн.

 Антитеррор түзүмүнүн башчысы: “Бул иштер жакшы натыйжа берүүдө. 2016-жылы Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Тажикстан жана Кыргызстандагы кесиптештери менен Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Нижний Новгород шаарларында даярдык баскычында болгон 40 террордук аракеттин алдын алды. Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын атайын органдары биргеликте  “Ислам мамлекети” террордук уюму ШКУга мүчө өлкөлөрдө ишке ашырууну пландаштырган террордук чабуулдардын алдын алышты”,- деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here