КАТАЛОНИЯДАГЫ САЯСИЙ АБАЛДЫН КЕЛЕЧЕГИ ЭМНЕ БОЛОТ?

328
0

КАТАЛОНИЯДАГЫ САЯСИЙ АБАЛДЫН КЕЛЕЧЕГИ ЭМНЕ БОЛОТ?

Суроо: 2017-жылдын 19-октябрында “БИ-БИ-СИ” кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Испания өкмөт башчысы Мариано Рахой: “Борбордук бийлик Каталония аймагына көзөмөл кылууга мүмкүндүк бере турган баш мыйзамдагы 155-беренени караштырып чыгуу үчүн Испания өкмөт курамын жыйынга чакыраарын билдирди. Ал арада Каталония аймагынын өкмөт башчысы Карлес Пучдемон, Эгер Испания өкмөтү сүйлөшүүгө барбастан басым кылууну күчөтө берсе, Каталония парламенти Испаниядан бөлүнө турган референдумду колдоп чыгаары тууралуу катты Испания өкмөтүнө жолдоп коркутту. Каталония аймагынын өкмөт башчысы 2017-жылдын 1-октябрында өткөн референдумдан кийин Каталониянын Испаниядан көз карандысыз экендигин жарыялады. Бирок, көз карандысыздыкты ишке ашыруу сүйлөшүүлөрдү талап кылаарын белгилеп өттү. Каталония эмне үчүн Исапания падышасынын, өкмөтүнүн, жогорку сотунун каршылыгына карабастан бул референдумду өткөрдү? Бул маселеге карата эл аралык позиция кандай? Каталониянын өз алдынча болуп кетүү мүмкүнчүлүгү канчалык деңгээлде чындыкка жакын? Аллах ыраазы болсун!
Жооб: Жооб түшүнүктүү болушу үчүн биз, Каталония вакыйына жана мурдагы көз карандысыздык үчүн кылган аракетин карап чыгуубуз зарыл. Кийин акыркы референдумдун вакыйына токтолобуз. Андан кийин бул маселе тууралуу эл аралык позицияны… андан соң бул референдумдун жыйынтыгы канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгын карап чыгабыз..
Биринчиден: Каталониянын тарыхый жана географиялык абалы.
Каталония Испаниянын түндүк-чыгыш жагында жайгашкан. Аянты 32,1 км2, тактап айтканда, Испаниянын 0.8 % аймагын түзөт. Анын борбору Барселона. Төрт провинцияны камтыйт: Барселона, Гренада, Ларду жана Таррагона. Калкы 7,5 млн. Жалпы 17 провинциядан турган Испания калкынын 16%ын түзөт. Каталония автономдуу аймак болуп саналат.
Андалусия Ислам мамлекетинин фатхтары учурунда хижрий 95-жылдары Каталония ислам кучагына кирген. Кийин ислам башкаруусу токтогондон кийин өз алдынча аймак болуп калган. Андан кийин 1714-жылы Испания аны күч менен басып алган. Ошондон бери бул аймактын калкы Испания баскынчылыгынан азат болуу үчүн күрөшүп келет. Өткөн кылымдын 30-жылдарында Испаниянын борбордук бийлигинин аскер башчысы Франко бир тарапта, Каталония аймагынын башчысы экинчи тарапта болуп ортодо жарандык согуш жүргөн. Бул согушта Каталония жеңилгенден кийин Франко алардан өч алуу максатында, алардын тилин расмий тил макамынан ажыраткан. Мектептерде окутулушуна тыюу салган. Каталониялыктардын кызыкчылыктарын да четке каккан. Франко башында турган репрессиялуу бийлик кулагандан кийин референдум өткөрүлгөн. Калктын 30%ы Испания баш мыйзамынын пайдасына добуш беришкен. Ал баш мыйзамда өлкөнүнүн бүтүндүгү, ошондой эле аймак аймактардан түзүлгөн Испанияда улуттук азчылыктардын өз алдынча башкаруу болушу каралган. 1979-жылы Каталония эли кайрадан өз алдынча өкмөткө ээ болгон. Ушуга негизделип аймакта эки тил расмий болуп бектилген. Испан жана Каталон тилдери. Ушундан кийин Каталониянын бөлүнүп чыгуу аракети үстүбүздөгү кылымдын башталышына чейин басаңдай түшкөн. Учурда Каталониянын бөлүнүп чыгуу аракети кайрадан акырындык менен күч ала баштады.
Экинчиден: Каталониянын Испаниядан бөлүнүп чыгуу аракетинин азыркы учурдагы этабы.
1. Бул аракет 2006-жылы башталып, анда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамына толуктоолор киргизилип ага калктын көпчүлүк бөлүгү добуш берген. Бул өзгөртүүлөр өзүн өзү башкаруу тууралуу ыйгарым укуктарды кеңейтүү жаатында кылынган. Ушунун катарында Каталониянын элин өзүнчө эл катары тааныган мыйзам чыккан. 2010-жылы Испаниянын жогорку соту бул мыйзамды жокко чыгарган. Анын натыйжасында соттун бул чечимине каршы болгон “биз элбиз, биз чечебиз” урааны астында митингдер жүз берген. 2012-жылы ноябрда сөлөкөттүү референдум болду. Анда Каталония жашоочуларынын 37%ы Испаниядан бөлүнүүнү жактап добуш беришкен. 2015-жылы январда Каталониянын өкмөт башчысы Артур Мас ошол жылдын сентябрында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрөрүн жарыя кылды. Мөөнөтүнөн мурда белгиленген шайлоо өткөрүлүп, Испаниядан бөлүнүүнү жактаган улуттук кыймыл көпчүлүк добушка ээ болду жана 72 мандатка ээ болду. Бөлүнүүнү жактабаган тарап болсо 63 мандатка ээ болду. 2015-жылы ноябрда Каталониянын парламентиндеги көпчүлүк “Каталония көз карандысыз мамлекетин түзүү иштерин баштоо” тууралуу мыйзамын кабыл алууга жетишишти. Испания өкмөтү Испания жогорку сотуна бул мыйзамды жокко чыгаруу боюнча арыз берген. Жогорку сот аны кабыл алган.
2. 2017-жылдын 9-июнунда көз карандысыздык боюнча кыймыл күчтүү түс алды. Анткени, Каталониянын өкмөт башчысы Карлес 9-июнда Испаниядан бөлүнүү тууралуу, “Каталония республикалык башкаруудагы көз карандысыз мамлекет болуусун каалайсызбу” деген аталыштагы референдумдум 1-октябрда болоорун жарыя кылды. (“Новости” сайты 2017. 06. 09) Кийинки күнү Испания өкмөтү Каталониянын өз алдынча болуусуна карышылык көргөзөөрүн билдирди. 9-июнда Каталония парламенти Испаниядан бөлүнүү тууралуу референдумдун негиздери тууралуу мыйзамды жактырды. Буга каршылыгын билдирген Испания өкмөт башчысы Мариано Рахой мындай деди: “Испания өкмөтү Каталониянын автономиялыгын жоюу үчүн баш мыйзамдагы ыйгарым укуктарын колдонот”. Испания жогорку соту 2017-жылдын 9-августунда Каталонияга өзүнүн конституциядагы ыйгарым укуктарын колдоно электе референдумду токтотуу талабын койду.
3. Буга карабастан референдум белгиленген мөөнөтүндө өттү. Шайлоочулардын 90%ы жергиликтүү жашоочулардын 43%ы Испаниядан бөлүнүүнү жактап добуш беришти. Испаниянын падышасы Филипп VI референдум өткөн күндүн артынан эле мындай билдирүү берди: “Бул мыйзамсыз жана демократиялык эмес”. Бирок, Каталониянын өкмөт башчысы мындай деди: “Ушул жуманын аягында же наркы жуманын башында Каталониянын көз карандысыздыгы жарыя болот. Испания падышасы Каталонияга Испания баш мыйзамы макулдук берген тынчтыкты кепилдөөчү ортомчу ролун аткаруудан баш тартып жатат”. (“БИ-БИ -СИ 2017. 10. 03) Ушундан көрүнүп тургандай, Испания өкмөтү оңтойсуз абалда калды. Референдумду өткөбөй коюуга анын кудурети жетпеди. Референдумга тоскоолдук жаратуу учурунда коопсуздук күчтөрү менен шайлоочулардын ортосундагы кагылышта 893 жаран жаракат алды. Бул көрүнүш Испан өкмөтүнө каршы коомдук пикирди жаратты. Ошондуктан, Испан өкмөтү Каталониянын өз алдынча болуп кетүүсүнө токоолдук жараттуу үчүн башка жолдорду караштыра баштады. Каталония автономиясына каршы экономикалык кысымды баштады. Эң ири мекемелер жана банктар Каталониядан чыгып кетээрин жарыя кылышты. Испаниядагы эң ири үч банктын бири болгон “Каэсабанк” 6-октябрда өзүнүн башкы штабын Каталониянын борбору Барселонадан сыртка көчүрүп кетти. Испан өкмөтү Каталониянын ичинде элдик каршылыкты пайда кылуу максатында 8-октябрда көз карандысыздыкка каршы болгон миңдеген митингчилерди Барселонанын көчөлөрүнө чыгарды.
4. Каталониянын премьери Карлес 10-октябрда парламенттин алдында Каталониянын көз карандысыздыгын жарыя кылды. Бирок, ишке ашырууну кечеңдетип мындай деди: “Мен Каталониянын республикалык башкаруу көрүнүшүндө өз алдынча мамлекет болуусун зарыл деп билем. Көз карандысыздык декларациясын ишке ашырууну, эки тараптуу бир чечимге келүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кечеңдетип турууну сунуштайм”. Бирок ал парламенттен көз карандысыздыкты колдой турган ачык бир колдоо тапкан жок. (“Евро ньюс”, “Рейтер” 2017. 10. 10) Бул дегени Карлес толук көз карандысыздыкты жарыя кылуу менен өзүнө өзү кыйынчылыкты жараткысы келбеди. Анткени, ал муну ишке ашыруу өтө оор жараян экендигин билет. Ал Испан өкмөтү менен сүйөшүүлөрдү өткөрүү жана аны менен кагылышууга баруудан оолак болуу максатында, Испан өкмөтүнө карата эшикти ачык калтырды. Ошондуктан, Каталония Испания мамлекети курамында калды. Бирок, Каталония маселеси чечилбестен, Испания жана ЕБнин баш оорусу боюнча калды. Качан ыңгайлуу шарт жаралып, өз алдынча болуп кетүү мүмкүнчүлүгү жаралганга чейин абал ушундайча калат.
Үчүнчүдөн: Каталония маселесине карата эл аралык позиция кандай болушуна келсек. Бул жерде Каталонияга таасир бере турган мамлекеттердин позициясына токтолобуз. Башкача айтканда ЕБ, АКШ жана БУУнун позициясына токтолобуз. Анткени БУУ Американын позициясынан күчтүү таасирленет:
1. Евро Биримдик Каталониянын өз алдынча болуусуна жана рефендумга ачыктан ачык каршы позицияда болду. Германия, Франция баш болгон ЕБ Испания өкмөтүнүн позициясын колдооого алышты. Германия ТИМнин орун басары Майкл Рот мындай деди: “Испаниянын Каталония аймагында жүз берип жаткан окуялар тычсыздандырарлык. Бөлүнүү бул чечим эмес, бөлүнүү сеператизми эч бир маселени чечпейт. Евро Биримдикке мүчө мамлекеттер принциптерди, демократияны урматтап, мыйзамдын үстөмдүгүн сакташы керек. Биримдиктеги саясий маселелер көчөдө башаламдык кылуунун ордуна сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек. (“Рейтер” 2017. 10. 02) Франция өзүнүн позициясын Европа иштери боюнча министири Натали Лоузунун сөзү аркылуу билдирди. Ал мындай деди: “Испаниянын бир аймагы болгон Каталониянын бир жактуу көз карандысыздыкты жарыялоосун Франция эч качан тан албайт. Эгер биз көз карандысыздыкты тан алсак дагы ал акылга сыярлык иш эмес. Мындай чечим тез арада Каталонияны Евро Биримдиктин тышында калуусуна алып барат”. (“Рейтер” 2017. 10. 09) Еврокомиссиянын төрөгасы Жан Клод Юнкер Евро Биримдиктин позициясын мындайча билдирди: “Каталония Испания өкмөтүнүн жана жогорку сотунун токтомдорун урматтоосу керек”. Ал арада Евро Кеңештин төрөгасы Дональд Туск 2-октябрда өзүнүн твиттердеги баракчасына мындай деп жазды: “Мен Каталония маселесин чечүүдө Испания өкмөт башчысы Рахойдун далилдерин жана абалды оңдоодо күч колдонуудан оолак болгон жолдорду караштырууга болгон чакырыгын толук түрдө колдойм”.
2. Эми Американын позициясына келебиз. Көрүнүп тургандай Каталониянын өкмөтү жана аныны өкмөт башчысы Америкадан колдоо алып, ага таянды. Американын ТИМинин пресс-катчысы Хизер Нойерт мындай деди: “АКШ референдумду өлкөнүн ички иши катары карайт. Ага кийлигишүүгө да умтулбайт. Бул жердеги маселени өкмөт жана ал аймактагы элдер чечиши керек. АКШ маселе чечилгенден кийин кандай өкмөт болсо дагы аны менен иштеше берет”. (“Аль фажр Миср” 2017. 09. 16) Бул билдирүүнүн акырында айтылган сөздө Америка көз карандысыздыкты жана рефенендумду колдоорун билдирип жатат. Башкача айтканда, “маселе чечилгенден кийин Америка кандай гана өкмөт болбосун аны менен иштеше берет” деди. Тактап айтканда биз эгер Каталония аймагы көз карандысыз болууга жетишсе аны тан алабыз деген маани. Испания гезити “El Pais”те мындай цитата келтирилген: “Каталония өкмөт башчысы Карлес Пучдемон Америка пресс-катчысынын билдирүүсүн, Америка Каталония калкынын каалоосун жана референдумун колдоо катары карады”. Анткени, Америка ЕБны чачыратууну максат кылып келет. Ошондой эле ал Британиянын ЕБдан чыгуусун да кош колдоп кубаттап, ЕБдагы башка өлкөлөрдү Британиядан үлгү алууга чакырган. Евро Биримдик эл аралык маселелерде Америка менен тең тайлаша турган же ага карата ташбиш жарата турган күчтүү кубат болуп калышын алдын алууну максат кылат. Америка ЕБнын ичинде аз дегенде ушуга окшош бөлүнүп чыгуу маселелерин жандандырып, аны ички маселелер менен алек кылууну каалап жатат. ЕБнын ичиндеги буга окшогон бөлүнүп чыгууга болгон аракеттер Американын чырагына май тамызат жана анын кызыкчылыгы болуп саналат. Американын Каталониядагы референдум маселесине карата бул позициясы Күрдистандагы референдум маселесиндеги позициясынын тескериси. Анткени, Америка Күрдистандын көз карандысыздыгына жана референдумга ачыктан ачык каршы турган. Аймактагы өзүнө малай мамлекеттери болуп саналган Түркия, Иран, Иракты Күрдистандын көз карандысыздыгына каршы туруу жана Барзанийге кысым көрсөтүү үчүн аракеттке келтирген. Анткени, бул маселе азыркы учурда анын кызыкчылыгына дал келбейт. Айрыкча азыркы учурда Америка Ирактагы негизги кожоюн болуп турган чакта. Британия болсо өзүнүн малай мамлекети Катарга карата Саудия жана Мисрдин ортомчулугу менен киргизилген санкцияларды алып салууга түрткү берүү максатында Барзанини Күрдистанда көз карандысыздык референдумун өткөрүүгө түрттү. Муну менен ал аймакта Америка кызыкчылыгына проблема жаратуу аркылуу Катарга карата киргизилген санкцияларды бир аз бошоңдотууну максат кылган.
3. Америка көзөмөл кылган БУУнун позициясына токтолобуз. БУУнун Каталония маселесине карата позициясы көз карандысыздыкты жактайт. Анын баш катчысы Антони Гутерреш: “Испаниядагы демократиялык инситуттар борбордук бийлик менен Каталония бийлиги ортосунда жүз берген кризисти чечүү жолун табаарына үмүт артып жатакандыгын” билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 72-экинчи сессиясында басма сөз катчысы мындай деди: “Элдердин өз тагдырын белгилөөдөгү укук, негизги укук. Бул укук өлкөнүн аймагындагы принциптер бузулбастан эки тараптуу келишим менен ишке ашуусу зарыл”. (“Associated Press” 2017. 10. 03 ) Ушундан көрүнүп тургандай, БУУ Каталониянын көз карандысыздыгын жактай турган позицияда болду. Ал Күрдистан көз карандысызыдыгы жана референдум маселеси жаатында мунун тескери позициясында болгон эле. Анткени, Америка БУУдагы токтомдорго толук түрдө көзөмөл кыла алат.
Жогоруда айтылып өтүлгөн позициялардан көрүнүп тургандай, акыркы учурдагы Каталонияда жүз берген референдум маселесине Америка шыкак берип тургандыгы айкын болду. Анткени, Америка айрыкча Трамптын учурунда Европанын үстүндө кара булут айлантууга өтө кызыктар. Муну биз жогоруда айтып өттүк.
Төртүнчүдөн: Бөлүнүп чыгууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү:
Бул иштин жакынкы келечекте ишке ашып кетүүсү өтө арсар. Америка муну каалап жаткан болсо дагы абал ушундай. Америка Каталония сыяктуу маселелерди козгоо аркылуу Евро Биримдиктин аба ырайын бузуп, аны ички иштер менен алек кылууну көздөйт. Мындай иштер бул биримдикти чачыратып жиберүүгө болгон узак мөөнөттүү келечекке карата коюлган пландардан. Бул жерде кандай абал болбосун Испанияда Каталониянын бөлүнүп кетүүсүн кабылдабай турган эки негизги маселе бар. Алар төмөнкүлөр:
1. Бул аймак кичинекей болгонуна карабастан Испаниянын жалпы улуттук продукциянын (ВНП) 20%ын өндүрөт. Испаниянын сырткы соода транспорт байланышынын 70%ын көзөмөл кылат. Ошондой эле Испан өнөр жайынын үчтөн бирин өндүрөт. Ошондуктан, Каталония жашоочулары өздөрүн алганынан бергени көп катары санашат. Испан өкмөтү аларга ири суммадагы салыктарды салган, салыктын көлөмү аймактын өндүрүшүнүн 10%ына чейин жетип барган. Ушунун баары көз карандысыздык кыйкырыгына салым кошту. Бул бир тараптан болду. Ал эми башка тараптан, Испания экономикалык жактан оор кырдаалды башынан кечирип жатат. Бюджеттин тартыштыгы жумушсуздуктун көптүгү менен кыйналып жаткан учуру. Испания өкмөтү бул көйгөйлөрдү чечүүдө Каталония экономикасына таянат.
2. Каталониянын бөлүнүп чыгуусу Испанияда жана Испаниядан башка жакта да бөлүнүп чыгууларга алып келет. Ошондуктан, Каталониянын көз карандысыздыкка ээ болуусу мурдатан бери бөлүнүп чыгууга аракет кылып келе жаткан Испаниянын “Basque” аймагына да дем берет. Испаниянын Баск аймагы да Каталонияны бөлүнүп чыгуу аракетин колдоду жана ал да бөлүнүп чыгууга аракет кылаарын ишаара кылды. Антени, андагы бөлүнүп чыгуу аракети дагы деле тирүү бойдон. Баск аймагы “келээрки жылдын башынан тарта Испаниядан бөлүнүп чыгуу аракетин баштаарын жарыя кылды” (“Политика Пост” 2017. 09. 24) Баск аймагы узак жылдардан бери бөлүнүп чыгуу үчүн куралдуу каршылык көргөзүү кыймылын “ETA” жетектеп келген жана мунун натыйжасында бул аймакта жүздөгөн жарандар набыт болуп бийлик тарабынан болгон зулумдуктан забын тартып келишкен. Үч жыл мурун аймактын ыйгарым укуктарын күчтөөгө жетишишкенден кийин “ЕТА” кыймылы куралдарын ташташкан. Демек, Испания аймагында кандайдыр бир бөлүнүп чыгуу жүз берсе анын артынан башкаларына да бул вирус жугаары күтүлгөн маселе. Испаниянын адилет министри мындай абалдан эскертип: “Каталониянын бөлүнүп чыгуусу Испания мамлектинин мамлекет болуп жашашына чекит коё турган маселе болуп калышынан өтө корком. Анткени, Каталониянын көз карандысыз болуп кетиши “домино” сыяктуу биринчи катар болуп калса, башка катары ага утурлай кулайт”. (“Аль жазиира 2017. 10. 02)
Ошондуктан Испания кандай гана абал болбосун Каталониянын бөлүнүп чыгып кетүүсүнө жол бербейт. Испан өкмөтү Каталониянын бөлүнүп чыгуу аракетин баардык ыкмалар менен токтото албай калса, 155- беренени ишке салуу менен аймактын ыйгарым укуктарын токтотуп, автомиялуулугун жоюп салуу менен коркутат. (“БИ-БИ-СИ” 2017. 10. 19 Испан өкмөт башчысынын аппаратынын билдирүүсүнө таянган маалыматы.)
3. Евро Биримдикте эгер бөлүнүп чыгуу пикири жайыла турган болсо, анын чачырап кетиши өтө эле тездик менен ишке ашат. Айрыкча иш жүзүндө бөлүнүү жүз бере турган болсо Евро Биримдик тездик менен кулайт… Францияда да бөлүнүп чыгуу аракети күчөйт. Анткени Каталония жана Баск аймагы Франция менен Испаниянын ортосунда жайгашкан. Корсик аралы да Франциядан бөлүнүп чыгууну каалайт. Алар Каталониянын ийгилигин күтүп турушат. Италияда, Белгияда ж.б. Европа өлкөлөрүндө да бөлүнүп чыгуу сеператисттик кыймылдар бар. Ушунун баары Евро Биримдикке коркунуч жаратат. Ансыз да Евро Биримдик Британиянын улутчулдук менен бөлүнүп чыгуусунан жабыркап турат.
Ушунун баары Каталониянын чыныгы бөлүнүп чыгуусунун ишке ашышын артка сүрө турган жагдайлар. Бул жеке эле Испанияга коркунч эмес бүтүндөй Евро Биримдикке коркунуч жарата турган маселе.
Көрүнүп тургандай Каталониянын өкмөт башчысы өзүн эл аралык жактан эле эмес аймакта да жардамсыз калганын түшүндү. Анткени, ага аймактагы элдин бир бөлүгү каршы чыга баштады. Ошондуктан, көз карандысыздыкты жарыя кылуу жарым жартылай болду. Каталония өкмөт башчысы көз карандысыздыктын декларациясын толук ишке ашыруу сүйлөшүүлөр өткөрүү менен болоорун билдирип кетенчиктеди. Толук көз карандысыз болуу үчүн келечекте боло турган ыңгайлуу учурду күтүү керек экенин айтты. Бөлүнүп чыгуу Испаниянын же Евро Биримдиктин тагдырына балта чабабы айырмасы жок ыңгайлуу учурду күтүүгө такалды. Ал тургай Каталонияга шыкак берип жаткан Америка да Испаниянын Евро Биримдикке таянуу менен күчтүү позицияда тургандыгын көргөндөн кийин басаңдай түштү. Ошондуктан, Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу Американын оюн билүү үчүн Америкага барган Испания өкмөт башчысы Рахой Америка президенти Трамп менен жолуккандан кийин, Трамп пресс-конференцияда мындай деди: “Биз чоң мамлекет менен алака кылабыз, ал бирдиктүү калышы зарыл”. (“Шархул Мисрия” 2017. 09. 27) Демек, Каталония өкмөт башчысы Трамп убадасына каршы иш кылган шайтан экендигин түшүнүшү керек. Шайтан аларга убада берет. Аларга шайтан бир гана жалганды убада кылат. Бирок, Америка ошого карабастан Европага каршы айла амалын иштете берет. Качан Европа боюнча анын убадасына жооп бере турган киши тапканча абал ушундайча улана берет.
Бешинчиден:
Мына ушундайча улутчулдук капиталисттик түзүм ээлерин талколоочу нерсе. Айрыкча Европаны. Европанын алсырашы анын биримдигинин алысырашына жана сырткы саясатта алсырашына алып келет. Анткени, капиталисттик түзүм улутчулдук маселесин чече алган эмес жана эч качан чече албайт… Бул түзүм динди турмуштан ажыраткандыгы себептүү түпкү негизинен баштап бузук. Акча, байлык, мансап менен айырмаланып турган капиталист башкаруучулар өкүм жүргүзгөн демократиясы менен бузук түзүм. Ал динге каршы туруп, адамдарды динине, улутуна, расасына карап бөлүп басмырлаганы менен бузук түзүм. Бул нерсе Америка менен Европада айдан ачык эле жүз берип жаткан көрүнүштөр.
Адамдар тарабынан түзүлгөн мындай түзүмдөрдүн баардыгы зулумдук, адилетсиздик, бузукулуктан, адамдардын жана өлкөлөрдүн бири бирине кулчулугунан куткара албайт. Мунун баарынан бир гана Аллах түшүргөн Ислам гана куткара алат. Бир гана Ислам адамдардын ортосунда адилетүүлүк жана акыйкатты орнотууга кудуреттүү. Аллах гана жараткан махлуктарынын иштери эмне менен оңдолоорун жакшы билет. (Билип койгула, Жаратуучу жумшак жана билүүчү зат). Ислам гана адамдарды бир казанга бириктире алат жана бардык улутчулдук, расалык бөлүнүүлөргө чек коёт. Анткени, ал улутчулдук, расачылдык, мекенчилдик сыяктуу бөлүнүүлөрдү арам кылган жана ага каршы чарчабастан күрөшөт. Ислам гана адамдардын динине, расасына, өңү түсүнө, эркек аялына карап айырмалабастан бардыгына бирдей адилетүүлүктү камсыздап берет. Ал адамдардын ортосунда алака кылууда адамдардын баары бирдей деген көз караш менен карайт жана алардын баарына адилетүүлүктү кепилдейт.
Имам Ахмаддын муснадында, Исмаил бизге айтты: Сайид Худрий Аби Надраттан бизге айтты: Ташриик күнүнүн орто ченинде Пайгамбар с.а.в. айтты: “Эй адамдар билип койгула! Роббиңер бир, атаңар бир, арабдын араб эместен артыкчылыгы жок, араб эместин арапка артыкчылыгы жок, кызылдын карага артыкчылыгы жок, каранын кызылга артыкчылыгы жок. Бир гана такыбаалык менен артыкчылык болот. Жеткирдимби? Айтышты жеткирдиң эй Расулуллах с.а.в.”
2017. 10. 19

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here