Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз калууда

272
0

Кыргызказак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз калууда

 “24.kg” сайтынын кабарына таянсак, чек арадагы “Ак-Жол” жана “Ак-Тилек”өткөрмө бекеттеринде абал оор бойдон калууда.

Кабарда келгендей, эртең мененки 8:30да Кант шаарынынын жанындагы чек арага кеткен жолдо болжол менен 500дөй жүк ташуучу машина турат.

 “Чечими табылбай жаткан проблеманын узундугу 9 километрге барабар”, – деп жазылган сайтта.

Чек арачылардын билдиришинче, бир суткада өткөрмө бекеттен болжол менен 130 жүк машина өткөн, бир сатта 5-6 жүк машина өткөрүлүүдө.

Айдоочулардын “24.kg” сайтына билдиришинче, беш күн мурда кезектин эң акырында тургандар, эми гана өткөрмө бекетине жакындашкан.

Алардын айтышынча, жергиликтүү тургундар жана ишканалар тамак-аш алып келип беришүүдө.

 “Бизге күн сайын ысык тамак алып келишет. Казак жана белорустардын өздөрү айтышууда, кайсы жерде ушундай абалга дуушар болушса, эч ким эч качан мындай кылбаган. Бул жагынан кыргыздар азамат!” – деген айдоочулар.

Казакстан тарапта да жүк машиналардын кезеги пайда болгон. Айдоочулардын билдиришинче, анын узундугу 2 км.ден көбүрөөк, ал эми өткөрүү болсо кудум ушундай т.а. саатына 5тен  машина өтүүдө.

 “Ал жакта эмнеге кезек пайда болгонун билесизби? Себеби, Россиядан Казакстанга өткөрүшпөгөн. Ал жерде да жигиттер 10 күндөп турушкан. Кечээ күнү өткөрүшкөн, алардын баары жетип келишти. Бирок, ал жерде аларга тамак-аш беришкен жок. Бул тууралуу өтүп келген балдардан уктук”, – деп кошумчалады айдоочулар.

 “Ошондуктан ушул жерде турабыз, Таласка барууну эч ким каалабайт. Биздикилер го өткөрүүдө, ал эми казактар өткөрбөй жатат. Бирок, биз ич ара урушуп жаткан жокпуз, бул жаатта бизде баары жакшы”, – деген алар.

Кабарда келишинче, күндүзгү саат 10.30да “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу, жеңил жана жүргүнчү ташуучу болуп бардыгы 40 чакты унаа топтолгон.

 “Түнкү саат 12де келген элем, мына азыр саат 10.34, дагы эле турам. Бир саатта 1-2 унаа өткөрүп жатышат”, – деди айдоочулардын бири.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here