Индонезияда Хизб-ут – Тахрирге тыюу салынышы нааразылыкка себеп болду

207
0

Индонезияда Хизб-ут – Тахрирге тыюу салынышы нааразылыкка себеп болду

Индонезия парламенти бүгүн мамлекетте Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө  тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамду талкуулоо үчүн жыйынга чогулду. Жыйынтыгында, парламенттеги он партиянын үчөө каршы добуш берди. А бирок, калган жети партиянын өкүлдөрү берген 314 добуш менен мыйзам кабыл алынды.

Аталган мыйзам талкууланып жаткан учурда парламент имаратынын  алдында он миңдеген мусулмандар Хизб ут-Тахрирге тыюу салынышына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Хизб ут-Тахрир – Индонезия тарабынан башкарылып турган нааразылык акциясына аалымдар, интеллигенттер, саясатчылар, бизнесмендер, дарыгерлер, мурдагы аскерий кызматкерлер, университеттердин профессорлору катышты. Аталган мыйзам парламентте кабыл алына турган болсо, аалымдардын буга нааразылык катары мамлекет бойлоп акция өткөрө тургандыгы айтылууда.

Парламентте бу мыйзамдын кабыл алынышы Хизб мүчөлөрүнө 5 жылдан, өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки жаза берилишин түшүндүрөт. Индонезия Голландиянын колониясы болуп турган кезде да мындай программа же мыйзам кабыл алынган эмес.

Хизб ут-Тахрир – Индонезиянын расмий сүйлөөчүсү Мухаммад Исмаил Юсанто Хизб ут-Тахрирге тыюу салынышы боюнча басма сөз билдирүүсүн жарыя кылды. Парламент өзү мыйзамды бузуп жаткандыгы айтылган басма сөз билдирүүсүндө жалпысынан төмөнкүдөй келет:

“Индонезия бийлиги адилеттүү сот жүргүзбөгөн абалда диктатордук чечим менен Хизб ут-Тахрирге тыюу салуу жолуна өттү. Бул бийлик Пайгамбар с.а.в. тарыйкаты менен аракет кылып жаткан, зомбулуктан алыс болгон пикирий аракеттин добушун мыйзамсыз жолдор аркылуу өчүрмөкчү болууда. Негизи, колонизатор мамлекеттер ойлоп тапкан кайры исламий түзүмдөр т.а. капитализм жана коммунизм негизги коркунуч болуп турган бир учурда, Ислам түзүмү жана анын тарапкерлери коркунуч деп жарыя кылынууда. Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу тармактар мамлекеттер эркин иш жүргүзүп жаткан бир учурда, Исламды көтөрүп чыгып жаткандарга тыюу салынышы Индонезия парламенти кандай чечим кабыл алгандыгын көрсөтүп турат. Ушуну эстен чыгарбагыла, Индонезия парламенти кабыл алган бул чечимдер Исламга тоскоолдук кыла албайт жана бул адилетсиз чечимди кабыл алган адамдар Аллахтын алдында жооп беришет”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here