Кыргызстан бийлиги Казакстандын жардамынан баш тартуу себебин түшүндүрүп берди
Кыргызстандын вице-премьери Дүйшөнбек Зилалиев Казакстандын жардамынан баш тартуу себептери тууралуу айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.
Жогорку Кеңшетин расмий сайтында: “Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге интеграциялануу шарттарында кызматташтыкты өнүктүрүүжөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды”,- деп жарыя кылынды Жогорку Кеңештин расмий сайтында.
Кабарларда келишинче, ЕЭАБдин алкагында жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстан Кыргызстанга 100 млн доллар өлчөмүндө жардам берүүсү тууралуу президенттердин ортосунда макулдашуу болгон. Кыргызстандын ЕАЭБдин курамына кирген соң, бул каражатка өлкөнүн бажы обьекттерин жакшыртуу, ветеринардык лабороторияларды курууга жана башка маанилүү чоң көлөмдөгү иштерди аткаруусу каралган.
Кыргызстандын экономика министрлиги билдиргендей, ушул жылдын август айында Кыргызстан менен Казакстан 100 млн долларды тармактарга бөлүүнү деталдаштырып, алгачкы транш менен 41 млн бөлүүгө токтолгон.