Түркия Идлибди Асадга тапшыруу операциясын баштады
Сирия оппозициясынын колундагы эң маанилүү чекиттердин бири болгон Идлиб маселеси Астана жолугушуусунда күн тартибине коюлган эле. Жолугушууда пландаштырылган “коопсуз аймак түзүү” долбоору оппозициянын көзөмөлүндө болгон Идлибди кулатууну о.э. аны да Халаб (Алеппо) сыяктуу Асад режимине тапшырууну камтыйт.
Астана келишимине ылайык, Россия жана Иран менен биргеликте “Идлиб операция”сын баштаган Түркия исламий талаптардан баш тартпаган мусулмандарды Идлибден тазалоо жана Идлибди Асад режимине тапшыруу операциясын баштады.
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган “Адилет жана өнүгүү” партиясынын 26-жыйынында Идлиб операциясына түшүндүрмө берип: “Аскерлерибиз Идлибге кире элек. Идлиб операциясын учурда Сирия азат армиясы жүргүзүүдө. Россия күчтөрү асмандан, Түркия куралдуу күчтөрү болсо ичкериден колдоп-кубаттоодо”, – деди.
Түркия президенти түрк кошуундарынын Идлибге киришин мамлекетти ички жана тышкы коркунучтардан коргоо катары түшүндүрдү. Эрдогандын айтымында, Түркия глобалдык жана аймактык деңгээлдеги проблемаларга дуушар болууда.
“Ичкериден же тышкарыдан мамлекетибизге коркунуч пайда болсо, биз аларга “кош келипсиңер” дебейбиз. Тескерисинче, алар аракетке келген учурда аларды тыйып коюу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ушундай кыла алсак, күчтүү Түркия болобуз. Ошого азыртадан ушундай кадамдарды таштадык. Түркия дуушар болуп жаткан ири глобалдык жана аймактык проблемалар көбөйүп бара жатканы себептүү биздин жүгүбүз да оорлошууда. Биз көбүрөөк иш кылышыбыз керек. 24 саат биз үчүн жетиштүү эмес. Сириядагы коопсуздук кризиси ачык-айкын көрүнүп турат”, – деди Эрдоган.
Түркия кошуундары Идлибге киришинин алдында Түркиядагы маалымат каражаттары бүт көңүлүн “Террорчу ПККга (Курдистан жумушчулар партиясына) каршы операцияга” карата баштады. Эгерде Түркиянын Идлиб аскерий операциядан көздөгөн максаты террор коридорун жок кылуу болсо, Түркия кошуундары мамлекеттин чегарасындагы 600км аралыкты көзөмөл кылып жаткан ПКК террорчуларына каршы аскерий операция башташы керек эмес беле? Түркия 30 жылдан бери күрөшүп келе жаткан ПКК террорчу уюму мамлекеттин 911 километр чегарасынын 600 км чегара сызыгын көзөмөлдөп жаткан соң, түрк кошуундарын “коопсуздукту көзөмөл кылуу” шылтоосунда Түркияга эч кандай коркунуч туудурбай турган Идлибге жөнөтүлүшүн кантип түшүндүрсө болот?
Эгерде Эрдогандын максаты Идлибди коргоо жана ал жердеги террорчуларга каршы согушуу болсо, анда, биринчи орунда орустарга каршы согуш жарыялашы керек. Себеби, 2,5 миллион адам жашап жаткан Идлиб шаарын жардырып, калкын кыргын кылып жаткан Россия күчтөрү экендигин дүйнө жүзү көрүп турат.