Атамбаев: Кошуналарыбыз өзүнө келбесе, мен башкача сүйлөшөм

289
0

Атамбаев: Кошуналарыбыз өзүнө келбесе, мен башкача сүйлөшөм

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: “Менин президенттик мөөнөтүм бүтөрүнө бир жарым ай калды. Бирок, мөөнөтүм бүткөнгө чейин мен Кыргызстанды уурулардан тазалап кетем. О.э. эгерде биздин кошуналар, кошуна жетекчилер өздөрүнө келбесе, көздөрү ачылбаса, башкача сүйлөшөмүн”, – деди.

 “Мен адилеттүү бийликтин үлгүсүн көрсөткөнүм менен сыймыктанам”, – деди президент.

 “Мен Бакиев доорун кайтарууну каалаган ар кандай адам менен өзүм күрөшөм/ Биздин досубуз ким, ким дос эместигин аyыктап алышыбыз керек. Биз ансыз деле көп азап чектик, биздин кырчындай жигиттерибиз курман болду”, – деди өлкө башчы.

 “Алты жылдын аралыгында ишенимге ээ болдум деп  ишенем. Көпчүлүк  башка президентти укпай, өз президентин угат деп ишенем” – деди Алмазбек Атамбаев.

Туркистон: 

Кыргызстандын саясий чөйрөсү ого бетер төмөндөп барууда. Мурдагы саясий чөйрө да дүйнөлүк жетекчи мамлекеттерге көзкаранды эле. Бирок, аларда бул мажбурий колония абалынан чыгууга умтулуп жашоо руху бар эле. Атамбаев ошол саясий чөйрөнү талкалап жиберди. Жаңы калыптанып келе жаткан саясий элита болсо, Россиянын жетекчилери сыяктуу “олигархтар”дан түзүлгөн саясатчылардын колуна өтүп барууда. Алар мамлекеттин саясатын жана экономикалык кызыкчылыктарын тышкы жетекчи мамлекеттердин ыктыярына тапшыруу менен, мамлекет жетекчилигин колунда кармап калмакчы жана ушул аркылуу байлыктарын коргомокчу болушууда. Мунун натыйжасында, өлкө кызыкчылыктары, калк жана үммөт байлыктары тышкы куфр өлкөлөрүнүн колуна өтүп кетүүдө!

Кыргызстан жарандарынын жашоо деңгээли төмөндүгү себептүү, бул саясатчылар шайлоо учурунда аларды сатып алышууда. Бийлик болсо, айлык акы менен күн көрүп жаткан жарандарга басым өткөрүп, аларды кысымга алууда жана органдын күчү менен же админстративдик ресурстар аркылуу аларды коркутуп, өзүнө добуш берүүгө мажбур кылууда! Бийлик өзүнүн канаты астында миллиардер болуп, байып бара жаткан “олигарх”тардан ири өлчөмдө акча талап кылып, шайлоодо адамдардын добушун сатып алууда! Тышкы күчтөрдүн ички саясатыбызга аралашып жатканы тууралуу сөз кылып жаткан президент Атамбаев, өзүнүн Россия президенти Путинге таянып жатканын ачык көрсөтүүдө.

Күндөн-күнгө кырдаал курчуп барууда. Кыргызстан бийлиги шайлоодон кийин жүз бериши мүмкүн болгон окуялардан кооптоно баштады. Себеби, ал кандай жолдор менен болсо да, өз талапкери Жээнбековду өткөрүп алмакчы болууда. Ошондуктан, шайлоодон кийинки кырдаалды көзөмөлдө кармап калуу максатында исламий мухитти аракетке келтирмекчи болуп, Ысык-Көл обулусунун тургуну 11 баланын энеси, 12-баласын күтүп жаткан баатыр энени Хизб ут-Тахрирге мүчө болгондукта айпытап, 3 жылга камап жиберди. Максаты, исламий жамааттар тарабынан кырдаалды курчутуу аркылуу, шайлоодон кийин күтүлүп жаткан башаламандыктарга каршы аскерий режим пайда кылып алуу. Албетте, бул үчүн алар бир нече террордук операцияларды да пландаштырууда. Себеби, коменданттык абал жарыя кылуу үчүн олуттуу проблемалар болушу керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here