Атамбаев расмий иш сапар менен Өзбекстанга барды

153
0

Атамбаев расмий иш сапар менен Өзбекстанга барды

Бүгүн 2017-жыл, 5- октябрда президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча эки күндүк мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу президенттик апараттын маалымат кызматы билдирди.

 Кабарда келишинче,  мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын тар жана кеңири курамда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт.

 О.э. өлкө башчылары Ташкент шаарында болуп өтүүчү эки өлкөнүн өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.

 Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары, президенттердин Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда биргелешкен декларацияны кабыл алары күтүлүүдө.

О.э. эки өлкөнүн түрдүү тармактардагы мамилесин бекемдөөгө каратылган эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here