Макрон: Европа Союзу өтө алсыз жана таасирсиз

300
0

Макрон: Европа Союзу өтө алсыз жана таасирсиз

Франция президенти Эммануел Макрон Европа Союзу бүгүнкү күндө өтө алсыз абалга түшүп калгандыгын моюнга алды.

Ал Париждеги Сорбонна университетинде сүйлөгөн сөзүндө: “Европа Союзу бүгүн өтө алсыз жана таасирсиз”, – деди.

Макрондун айтымында, Европа Союзунун көз карандысыздыгы, биримдиги, демократиялык турмушу калктардын колдоп-кубаттоосу менен тикелениши керек.

Франция президенти Европа Союзундагы өлкө башчыларын ушул маселелерди чечүүгө чакырды. Анын айтымында, 2019-жылы өткөрүлүүчү Европарламенттик шайлоонун алдында бир тизме түзүлүп, Европарламент депутаттарынын жарымы ушул тизме боюнча шайланышы керек.

Макрон Европа Союзу өлкөлөрүн Кытай жана АКШ менен атаандаша ала турган дүйнөлүк экономикалык кубатка айландыруу керектигин о.э. Европа өлкөлөрүндө жумушсуздук деңгээлин төмөндөтүү керектигин да айтып өттү. Статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда Европада ар бир бешинчи адам жумушсуз болуп эсептелет.

О.э. коопсуздук боюнча Европа Союзунда стратегиялык жалпы маданият жоктугуна ишара кылып, жалпы аракет планына жана коопсуздук бюджетине муктаждык бар экендигин билдирди. Европа Союзундагы башка өлкөлөрдөн келген аскерлерди Франция армиясына тартуу мүмкүндүгү туурасында пикирин билдирген Макрон, терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселесинде да Европа Союзу өлкөлөрүнүн ортосунда маалыматтык агымды камсыздай турган академия куруу зарыл экендигин айтты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here