Бишкекте дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн келген исламий эксперттер чогулат
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, 28-29-сентябрь күндөрү Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өтөт.
Кабарда келишинче, конференцияга 19 мамлекеттен келген окумуштуулар, ислам таануучулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, эң акыркы илимий изилдөөлөр негизинде мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелерди талкуулашат.
Талкуулана турган негизги темалар:
- Мамлекет менен диндин ортосундагы кызматташтык боюнча эң жакшы тажрыйбалар менен таанышуу;
- Радикалдашуунун алдын алуучу жол катары улуттук мамлекеттердин маданий өзүнчөлүгүн сактап калуу;
- Саясий Исламдын алдын алуу ыкмалары.
Кабарда келишинче, илимий-практикалык конференциянын алкагында мамлекеттер аралык диний чөйрөдө мамлекеттер аралык диалогду жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана “азыркы светтик мамлекеттеги Исламдын орду туурасындагы декларацияны кабыл алуу пландаштырылган.
Конференцияга Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген жүздөн ашуун окумуштуулар катышат.
Туркистон:
- Мамлекет менен диндин ортосундагы кызматташтык боюнча эң жакшы тажрыйбалар менен таанышуу;
Мамлекет менен дин ортосундагы кызматташтык кандай тартип, мыйзам-эреже негизинде жана кандай идеологиянын кызыкчылыгы үчүн алып барылат? Кызматташтыкта диний кызыкчылыктар бар болгон күндө да, ушул кызматташтык шаръий жактан жаизби т.а. бул дин менен куфрду бириктирүүгө аракет кылуунун шаръий өкүмү кандай?
- Радикалдашуунун алдын алуучу жол катары улуттук мамлекеттердин маданий өзүнчөлүгүн сактап калуу;
“Радикал” – сөзү куфр терминдеринин бири болуп, алар бул сөздү өздөрүнүн “террорист, экстремист” сыяктуу атамалары сабына кошуп, өз максаттары жолунда пайдаланып келишет. Бул сөздөн алар өздөрүнө каршы идеологиялык пикирий жетекчиликти көтөрүп чыгып жаткан мусулмандарды назарда тутушат! Т.а. ар кандай кызыкчылык же кыйынчылыктарга карабастан, нукура исламий идеологияны талап кылып жаткан мусулмандардын даъватын назарда тутушат!
Радикалдашуу т.а. коомчулукта исламдашуунун күчөп барышы, алардын этибарында кооптуу көрүнүш болуп эсептелет!
(улуттук мамлекеттердин маданий өзүнчөлүгүн сактап калуу) илманий түзүмдөр муну бир сөз менен “муътадил Ислам” (мээлүүн Ислам) деп атап алышты. Т.а. алар Ислам динин – куфр сакафаты астындагы күч түзүмдөрү, юстиция министрлиги, билим берүү программасы сыяктуу эле – куфр идеологиясын коргоочуга айландырып алышмакчы! Бул байламтаны алар “муътадилдештирүү” т.а. “Ислам динин куфрга ылайыкташтыруу” идеологиясы деп коомчулукка алып чыгышууда. Албетте бул агым (фирка) өкүлдөрү саясий жактан караңгы болгондугунан тышкары, аларды материалдык тараптан да кызыктырып барышат!
- Саясий Исламдын алдын алуу жолдору.
Саясат – бул адамдар ортосундагы туруктуу алакаларды башкаруу. Т.а. адамдар ортосунда социалдык, экономикалык, саясий жана башка тармактарда алкалар бар. Ушул алакаларды адал жана арам негизиндеги өлчөө менен башкаруу үчүн Аллах Таала Пайгамбарыбыз с.а.в. аркылуу бизге Ислам динин жөнөткөн!
Жогорудагылар, динибиздин бул миссиясына “бул саясат эмес деп баа берүүдө кандай позициялардан пайдалансак болот” деген максатта чогулуп жатышат.