Күрдстан аймагын өз алдынча мамлекет кылуу боюнча референдум өткөрүүнүн артында эмне турат?

355
0
Күрдстан аймагын өз алдынча мамлекет кылуу боюнча референдум өткөрүүнүн артында эмне турат?
Суроо:
Барзани Күрдстанды бөлүү тууралуу референдум өткөрүүгө аймактык жана эл аралык мамлекеттердин маакулдугу жок болгондугуна карабастан референдум өткөрүүгө эмне үчүн көшөрүп жатат? Азыркы кырдаалда референдум өткөрүү күрддөрдүн өздөрү үчүн зыяндуу эмеспи? Эгер референдум өткөрүлүп ага көпчүлүгү макул деп добуш берсе аймакта Күрдстан өз алдынча мамлекети пайда болуу мүмкүнчүлүгү барбы?
Жооп:
Эгер аким өз өлкөсүнүн кызыкчылыгына каршы иш тутса , анда ал малай деген сөз бар. Барзанинин бул токтомду кабыл алышына сырткы мамлекет өз кызыкчылыгы үчүн түздөн-түз таасир бергендиги ачык көрүнүп турат. Анын баяны төмөнкүдөй:
1. Аң-сезимдүү кандай гана саясатчы болбосун азыркы кырдаалда күрддөр үчүн өзүнчө мамлекет куруу өтө татаал иш экендигин аңдап билет. Жада калса, азыркы эл аралык кырдаалда Күрдстан мамлкетин түзүүгө аракет кылуу күрддөрдүн өздөрүнө зыян жеткирет. Саясий жактан зыян гана эмес, материалдык жактан зыян жеткирүүсү турган иш. Маселе Ирак аймагында Күрдстан мамлекетин тикелөө эле эмес, эгер иш ушундай болгондо бул ишти жүзөгө чыгаруу мурдатан эле колго алынмак. Америка Иракты басып алган күндөн баштап анда тикелеген режими – Бремер баш мыйзамы аталышы менен белгилүү болгон түзүм. Ирактагы тикеленген бул түзүм борборго байланышып-байланышпаган федералдык негиздеги түзүм болуп саналат. Ирактагы бул федералдык түзүмдө Күрдстан башкаруу, тескөө жаатында борбордук бийлик Багдадга караганда күчтүү ыйгарым укуктарга ээ болуп калган! Баскынчы каапыр мамлекеттер басып алган мусулман өлкөлөрүн бөлүп жиберүү үрөөнүн кошо ала жүрөт. Алар бул үрөөнүн себүүдө ыңгайлуу учурду гана күтүп турушат. Ушунун баары алардын Ислам жана мусулмандарга болгон кек душмандыгы себебтүү… Биз бул маселе боюнча 2014.08.12 суроо-жообто да айтып өткөнбүз. Анда мындай келген: «Америка 2003-жылы Иракты басып алгандан бери Иракты бөлүп жиберүү аракетин алып барууда. Бремер баш мыйзамы да мазхабчылык, тайпачылык негизинде иштелип чыккан. Ал баш мыйзамда республика президенти, парламент спикери жана өкмөт башы болуп бийлик бөлүштүрүлүүсү каралган. Анткени өкмөт башы аткаруу бийлигине ээ. Себеби Бремер бийликтин бул ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүдө тараптар бири-бирине карата интрига кылууга түртө турган мазхабчылык, тайпачылык негизде иштеп чыккан… Бул баш мыйзамдын өзүндө федералдык аймактарга бөлүп башкаруу жана күчтүү аймактык ыйгарым укуктар да каралган. Ошондуктан Америка Иракты аймактарга бөлүп жиберүү кырдаалын жаратууда ийгилике жетишти» (цитата бүттү). БУУга мүчө болуу, өз элчиликтеринин болуусу, же ушул сыяктуу расмий көрүнүштөрү жок болсо дагы белгилүү бир аймакка ээ болуу амалий жактан мамлекет катары болуп саналат. Ал эми Күрдстан аймагынын амалий жагы болсо ал Ирак мамлекетинин ичиндеги борбордук бийликтен бөлүнүп калган мамлекет болуп саналат. Ирак бирдиктүү бир мамлекет көрүнүшүнөн ажырап калды! Ошондуктан амалий жактан Күрдстан аймагы Ирактын ичинде ага өзүнчө мамлекет болуусуна муктаж эмес. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй бул жердеги маселе Ирактын ичинде сырткы Күрдстан аймактары менен алакасы жок өзүнчө Күрдстан мамлекетин тикелөө эмес. Маселе андай эмес. Балким күрддөр үчүн кандай гана мамлекет тикелинип берилбесин, ал аймакта Күрдстан аймагына гана чектелип калбаган күрддөрдүн чоң толкунун пайда кылат. Ошондуктан мунун кесепти үлкөн болот. Айрыкча Американын Түркия, Иран жана Сириядагы малайлары үчүн. Ошондуктан кандай гана саясатчы болбосун азыркы эл аралык жана жергиликтүү кырдаалда күрддөр үчүн Түркияда болсун, же Иракта болсун, же Сирияда болсун, айырмасыз, мамлекет тикелеп берүү өтө опурталдуу экендигин айдан ачык билет. Мен күрд саясатчылары, алардын ичиндеги Барзани бул нерсени түшүнө албай жатат дебейм, балким, жогоруда айтып өткөнүбүздөй азыркы кырдаалда күрд мамлекетин тикелөө пикирин көтөрүү аркылуу аймакта иштерди чаташтыруу менен айрыкча Күрдстан аймагында көзөмөлдөн чыгып кете турган кыймылдарды пайда кылууга каратылышы мүмкүн. Жогоруда айтылып өткөндөй, бул нерсе күрддөрдүн өздөрүнө саясий жактан гана эмес, материалдык жактан да чоң жоготууларды алып келет. Ушуга негизделип Барзанийдин бул токтому азыркы кырдаалда өз өлкөсүнө карата кыянаттык болуп саналат. Бул болсо акимдин өз өлкөсүнө каршы иш тутуусу жактан болду.
2. Ал эми, Барзанийдин мындай токтомду кабыл алышынын артында кайсы мамлекет турду деген суроого келсек, Барзанийдин бул токтому ошол мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болгон. Буга далаалат кылган нерселер айдан ачык эле. Ал кайсы мамлекет экендигин да сөөмөй менен көргөзүп койуу да оорчулук жаратпайт. Барзани Ирактан бөлүнүү тууралуу референдум өткөрүүнү өз алдынча жарыялоосу мүмкүн эмес. Анткени ал аймактагы Америка малайларынын чок ортосунда. Барзани аймактагы эл аралык жана жергиликтүү Америка малайларына каршы бетме-бет келүүгө кудурети жетпейт. Бирок, Барзанинин мындай токтомду кабыл алышына шыкак берип турган башка чоң мамлекет бар. Күрдстан аймагы аймактагы Америка малай күчтөрүнө каршы турууга өтө эле алсыздык кылат, айрыкча Америка Иракты толук көзөмөлгө алып турганда. Жогоруда айтылгандай эле Барзанийдин бул токтомду кабыл алышынын артында Британия турганын идирек кылуу кыйынчылык жаратпайт. Барзанийдин ата теги Усманий мамлекеттин акыркы мезгилинен бери эле Британия менен байланышып келген. Барзаний бул байланышты атасы Мустафа Мула Барзанийден, андан мурда агасы Ахмад Барзанийден, андан мурунку Абду Салам Барзанийден (ал 1909-1914-жылдары Британия жардамы менен Усманий мамлекетке каршы күрд куралдуу козголоңун жетекетеген) мына ушул байланышты мурас кылып алган. Барзанийдин ата теги Британия менен өтө тыгыз байланган… Эгер биз референдум өткөрүү позициясын карай турган болсок, Британиянын позициясы (анын адатынча алдоо ыкмасы менен болсо да) референдум өткөрүү чечимин колдоп жатканын көрүүгө болот.
Мисалы: Барзани 2017.08.24 Иракта Британия аны колдоого алып жаткандыгын көрсөтүү үчүн Британиянын элчиси Фрэнк Бейкер менен жоолукту. Күрд гезетасы “Roudao” 2017.08.24 бул жоолугушуу тууралуу басып чыкты: “Барзанийдин Британия элчиси менен жоолугушуусунда Британия элчиси Британия Күрдстан элинин укуктарын түшүнөөрүн билдирди. Ошондой эле Барзаниге референдум өткөрүү тууралуу Британиянын позициясын да маалымдады”. Дипломатиялык тил менен айтканда “укуктарын түшүнүү” колдоо маанисин түшүндүрөт. Ошондой эле позициясын маалымдоо да аны колдоого алгандыгын түшүндүрөт. Башкача айтканда Британиянын позициясы Барзанийдин референдум өткөрүү чечимин колдойт. Ал тургай, колдоого гана албастан, аймактагы Америка малай мамлекеттеринин каршылыгына карабастан аны өткөрүүнү да талап кылат.
Дагы бир мисал: “Күрдстандын тышкы алакалары боюнча жоопту адам Фалаах Мустафа “24-Күрдстан” кабар агентигине берген маалыматында: “Британия референдум өткөрүүгө жана күрд умтулууларына каршы эмес” деди. Мустафа бул сөзүн Британиянын Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африка иштери боюнча жоопту министри Алистер Берт күрд жооптуулары менен Эрбилде жоолугушуу өткөргөндөн кийин айтты. Британиянын Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африка иштери боюнча жооптуу министри Алистер Берт экинчи күнү күрд жооптуулары менен көптөгөн документтерди талкууга алуу үчүн Эрбилге келди. Күрддөр Ирактан бөлүнүп өз алдынча мамлекет болуу үчүн 25-сентябрда референдум өткөрүүгө умтулуп жатышат…” (“Күрдстан-24”, Эрбил, 2017.09.05).
Мына ушундайча Барзанинин референдум өткөрүү тууралуу токтомунун артында Британия турат.
3. Ал эми Британия референдум өткөрүү токтомунун артынан кандай кызыкчылыкка жете турганына келсек, ал чынжырчаланып кетет. Трам шайлоодо жеңишке жетишкенден кийин Британия өкмөт башы Мей Трампты куттуктоо үчүн 2017.01.16 Вашингтонго эртелеп жетип баруусу… Ошол эле маалда Трамп жана Мей бири-бирин мактоого алуусу… Бирок экөөнүн тең максаттары ар башка болду. Трамп болсо ЕБди убакытты созбостон чачыратып жиберүү үчүн Британиядан болгон күч аракетин жумшоосун каалады. Ошол эле учурда ЕБди чачыратып жиберүү кырдаалын пайда кылуу үчүн Британия болгон күч аракетин жумшашын да көздөдү. Айрыкча Франция менен Нидерланды шайлоо босогосунда турганда… Ал эми Мей болсо ЕБден чыгып кетүүдө өзгөчөлүктөргө ээ болуп калуу жана ЕБдин мамлекеттерине кысым кылууда пайдаланыш үчүн Трамп менен соода келишимин түзүүнү каалады. Трамп менен Мей жоолугушуу алкагында ар бири өз максаттарын жүзөөгө ашырууга умтулушту. Мей англистердин адатынча айла-амалдар менен максатын жашырууга аракет кылды. Бирок Трамтын дипломатиясынын тайкылыгынан Мейдин максаттарын ачыка чыгарып салды.
Мына ушундайча Франция менен Нидерландда ЕБди колдогондор жеңишке жетишти, буга кошумча Германияда да адамдар ЕБди катуу колдоого алып ага өзгөчө көңүл бөлдү. Трамп Британиянын Америка менен түзгөн соода келишими Трамп каалгандай ЕБди чачыратып жеберүүгө Британияны анча көңүл бурдурбагандыгын түшүндү. Ушуну баары Трампты буулуктурду. Британияны Катарды “блокада кылуу” аркылуу сокту! Бул тууралуу 2017.07.23 чыккан суроо-жоопто да айтып өткөнбүз. Анда мындай келген: “Ал эми Британия, Бритиниянын өкмөт башы Тереза Мей 2017.01.26 Вашингтонго иш сапары менен эртелеп барды. Анын максаты ЕБдин калган мамлекеттерин да ЕБден чыгууга шыкак берүү үчүн Америка менен соодо келишимин түзүү болду. Британия ушундай көрүнүштө Америка менен жылуу алакага өтө баштады. Ал Трамптын админстрациясын көп жолу мактоого алды. Бирок Франция менен Нидерландда ЕБди колдогондор жеңишке жетишип Американын ЕБди чачыратуу каалосу жемириле баштаганда Трамп Британияга көзүнүн кыйыгы менен карай баштады. Анткени Трамп Британияны ЕБди чачыратуу жолун жетектөөсүн каалаган. Лондон Brexit Парижде, Амстердамда кайталанбагандыгын көргөндөн кийин Америка Британияны шок кыла турган эл аралык майданда анын кызыкчылыктарына сокку бере баштады. Америка Ливияда Британия кызыкчылыгына көңүл бурбастан малайы Сиси Хафтарды колдоого алууну күчтөөсүн талап кылды. Америка Араб өлкөлөрү арасында Британия үчүн найзанын учу ролун ойноп берген Катарды аймактагы араб өлкөлөрү аркылуу бойкотко алуу менен Британияны шок кыла турган сокку урду…” (цитата бүттү). Жогорудагылардын баардыгы Трамтын шабайын суутту жана ал Саудияга тез арада иш сапары менен барып ал жакта саммит уюштурду. Кийин саммитте жетишилген чечим алкагында, Британияга найза учу ролун ойной турган Катарды аймактагы араб өлкөлөрү аркылуу камалооого алдыруу менен Бртиниянын эл аралык кызыкчылыгына сокку урду.
4. Ошондуктан Британия аймакта Американын кызыкчылыгына каршы ташбиш жарата турган бирээр бир иш кылуусу зарыл болуп калды. Ошол себебтен Америка жана анын малайларын кыжырын келтире турган референдум өткөрүүгө Барзани чакыра баштады. Ошол эле маалда Британия аймакта Америка кызыкчылыгына каршы күчтүү деле ташбиш жарата албайт. Анын Америкага ачыктан ачык каршы чыгууга кудурети жетпейт. Болгону Американын кыжырына тийүүгө гана кудурети жетет. Айрыкча Күрдстанда референдум өткөрүү деген сыяктуу ыңгайлуу учурда гана. Британия Барзани белгилүү чекте гана иш аракет кылуусуна ынтызар. Анткени аймактагы азыркы кырдаал куралдуу кагылышуулардын кесепетинен Америка үчүн кайнап турган маалы, ошондой эле анын малайлары Түркия, Иран, Сирия үчүн дагы… Ушул себебтен Барзани референдум өткөрүүгө көшөрүп жатат. Британия референдум Күрдстан аймагында күрддөрдүн өз алдынча мамлекетин тикелеп берет деп ишендирип койгон. Британия адатынча айла-амал, алдоо менен алек, анткени ал өзүнүн кызыкчылыгына карата күрддөрдүн кызыкчылыгын бир тыйынга да теңебейт. Британия өз тарыхында күрддөргө бул сыяктуу мамиле кылгандыгы толтура!
2009.04.01 чыккан суроо-жообто мындай деген элек: “1919-жылы Британия Махмуд Хафидке эгер Сулайманиядагы Усман протекторатына чабуул койсо, анын айырбашына Күрд мамлекетин текелеп берүүнү убада кылган. Алар ага чабуул койушуп диндеш туугандары Усманийлердин бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн кууп чыгышкан. Кийин Британия убадасын аткарбай койду. Текерисинче, Махмуд Хафидди колониясы Индияга кууп жиберди. Ошондой эле Британия 1920-жылы Халифа Махмуд Вахиддиндин кыжырын келтирүү максатында Усманий мамлекет менен болгон Sèvres келишимин аткарылуусуна катуу турду. Ал келишимде Күрд мамлекетин тикелелөө пункту бар болчу. Анткени сүйлөшүү делегатын Халифа Вахиддин жетектеп барган. Британия Халифалыкты кулатып Мустафа Камалды республика президенти кылып дайындагандан кийин, 1924-жылы Лозаннада Мустафа Камал менен келишим кылды. Британия келишимде Күрд мамлекетин тикелөөнү четке какты. Анткени анын максаты ишке ашкан болчу. Анын максаты Халифалыкты кулатуу эле. Ошондуктан Күрд мамлекетин тикелөө сыяктуу иштерге таянуудан баш тарты. Британия аймакта күрддөрдүн улутчулдук сезимдерин козгоо аркылуу аларды Исламий мамлекетке каршы тукуруп козголоң кылууларын максат кылган. Качан ал өз максатына жеткенден кийин аким жана жетекчи деп дайындаган малайларынын үстүнөн шылдыңдап, күлүп аларга кудум кулдары сыяктуу мамиле кылат…” (цитата бүттү). Мына ушундайча Британия адатынча дайыма алдоо жана айла-амал иштетүүнүн үстүндө жүрөт…
5. Мына ушундайча Барзани Күрд мамлекетин тикелөө максатында 2017.09.25 референдум өткөрүүгө көшөрө баштады! Ал референдум өткөрүүгө каршы болгон аймактык эл аралык позицияга көңүл бурбады. Ал тургай референдумга каршы болгон кээ бир күрд жетекчилерине да этибар бербеди. Тескерисинче, ал мындай деп билдирүү бере баштады: “Күрдстан аймагы Эрбилди мындай кадамдан кайтарууга болгон аймактык жана эл аралык аракеттерге карабастан – ушул жылдын 25-сентябрына белгиленген Ирактан бөлүнүү үчүн өткөрүлө турган референдумдун убактысын жылдыруу же аны өткөрбөй койуу жана Ирактын борбордук бийлиги референдумду жана анын натыйжасын моюнга албастыгын, четке каккан чечимин шаршембиде кайрадан жаңылап чыгарды”.
Күрдстандын жогорку палатасы Масъуд Барзанийдин жетекчилиги менен референдум боюнча Күрд делегатынын жакынкы аралыкта Багдадка барганынын натыйжасы тууралуу талкуу өткөрдү. Ошондой эле мурда күнкү Барзанийдин Матис менен жоолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу дагы. Барзанийдин кеңешчиси мындай деди: “Бул жерде президент Масъуд Барзанийдин рефендум 2017-жылы 25-сентябрга белгиленген күнүнөн бир мүнөт да кечиктирилбеши тууралуу тастыгы бар.” ( “Арабия нет”, Дубай, 2017.24.08).
Бул дегени аймактык жана эл аралык позиция референдумга каршы экендигин ачыктан-ачык билип туруп кылынып жаткан иш экендигин түшүндүрөт.
А. Барзани 2017.06.07 Ирак аймагында өз алдынча Күрд мамлекетин тикелөө тууралуу 25-сентябрда референдум өткөрөрүн жарыялагандан бери Америка буга каршылыгын билдирген. Америка буга каршы Америка мамбашынын эл аралык коалициядагы өкүлү Берт МакГак аркылуу жооп берди. “Азыркы кырдаалда референдум өткөрүү туруксуздуктарды келтирип чыгарат. Биз 25-сентябрда референдум өткөрүү зарыл деп билбейбиз. Анткени мындай тез арадагы тартипте референдум өткөрүү айрыкча талаштуу аймактарда көңүл бурарлык туруксуздуктарды келтирип чыгарат”. (“AFP”, 06.08.2017)
Жакында эле Америка тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон 2017.08.11 Күрдстан мамбашы Масъуд Барзаний менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Вашингтон референдумдун мөөнөтүн жылдырууга, Багдад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө кызыктар экендигин билдирди… Америка коргоо министири Жейм Матисти 2017.08.22 Ирак өкмөт башы Ал Абади менен жоолугушуу үчүн, кийин Эрбилге барып Барзани менен жоолугушу үчүн, андан кийин Түркия бул аймактагы активдүү колун иштетиши үчүн Анкарага барышы максатында Багдадга жиберди…
Б. Ошондой эле аймактагы Америкага малай мамлекеттер да референдумга каршылыктарын билдирди… Ирак өкмөт башынын пресс-секретары Саада аль-Хадити мындай деди: “Иракта кандай гана позиция же кадам болбосун, башмыйзамдын негизинде гана болушу шарт… Ирактын келечегине байланыштуу кандай гана чечим болбосун ал анын баш мыйзамында каралган. Ал толук түрдөгү суверенедүү демократиялык федералдык мамлекет. Кандай токтом болбосун баш мыйзамдын алкагында болуусу зарыл… Кайсы бир тарап Ирактын башка бир тарабын бөлүү тагдырын белгилей албайт”. (“ал хуроту Америка”, 2017.06.09).
Түркия референдум өткөрүү тууралуу жарыя чыккан күндөн баштап ага каршылыгын билдирди. Түркиянын ТИМи Күрдстан аймагынын референдум өткөрүү тууралуу жарыясы чыккан күнү эле ага каршы билдирүүсүн чыгарды: “Бул токтом барып турган чоң катачылык, анткени ал Ирактын бүтүндүгүнө жана тынчтыгына доо кетирет”. (“ал хуроту Америка”, 2017.06.09). Эрдоган Жейм Матис менен жоолугушкандан кийин мындай билдирүү берди: “Референдум өткөрүү чечими ката чечим”. (“Жазиира”, 2017.08.17).
Ошондой эле Иран референдум өткөрүү жарыялангандан бир аз кийин 2017-жылы 11-июнда өз позициясын билдирди, Ирактагы Күрдстан аймагында 25-сентябрда референдум өткөрүү планына караманча каршы экендигин, жана Тегеран Ирактын бир бүтүндүгүн гана колдой тургандыгын билдирген. Ирандын ТИМинин пресс-секретары Бахром Косимий мындай деди: “Улуттук жана мыйзам ченеминен ыраак өз алдынча токтомдор Ирак коопсуздугуна көбүрөөк залал келтирет”. (2017.06.15, “аfkarhura.com”). “аfkarhura.com” сайты 2017.09.07 Иран шура межлисинин төрагасынын билдирүүсүн таратты. Андай мындай делет: “Иран шура межлисинин эл аралык иштер боюнча өкүлү Амиир Абдул Лахян Ирактын Күрдстан аймагында референдум өткөрүү жаңы кризисти келтирип чыгарат деди…”.
Андан тышкары Күрдстан аймагында Америка малайлары бар Горан (өзгөрүү) Күрд кыймылы, Улуттук биримдик партиясы, Талабааний партиясы. Горан Барзанинин референдум өткөрүү чечимине каршы турду. Горан кыймылынын Күрдстан парламентиндеги мүчөсү Саид Хошьяр Абдулла мындай деди: “Өзгөрүү кыймылы өз пикиринде эле калды. Анткени референдум өткөрүү убактысы ката белгиленген. Бул күн тартибиндеги маселе Барзанин жеке жана партиялык маселеси гана”. Ал дагы тастыктап: “Күрдстан демократиялык партиясы оюнчу эмес, пешка” деди. (“Elaf”, 2017.08.05). Ошондой эле Талабани партиясынын мүчөсү референдумду четке кагып мындай деди: “Бийлик күрсүсү күрддөрдүн добушуна жана ийиндерине келди. Ал алардын бир тамчы канына да, курбанчылыктарына да тең келбейт. Алар кыялдарындагы өз мамлекетин тикелөөгө зыян жеткириште “Маъсумга” жол беришпейт. Алар референдум күнү ага (маьсумга) каршы жооп беришет”. Күрдстан демократиялык партиясынын баянатында, Маъсумдун билдирүүсүнө каршы билдирүү берди: “Бул референдум өткөрүүгө тоскоолдук кылып жаткан дүйнө мамлекеттерине болгон өтө жаман коркунучтуу кабар”. (“Elaf”, 2017.08.05).
Ушундай көрүнүштөгү аймактык жана эл аралык каршылыктарга карабастан Барзани референду өткөрүүгө көшөрдү. Балким референдумду бир мүнөткө да кечиктирбеши тууралуу билдирүү бере баштады. Ушунун баары биз жогоруда баяндап өткөнүбүздөй референдум өткөрүү маселеси боюнча Барзаниге Британиянын берген түрткүсү аркылуу болду.
6. Эми референдум маселесине жана ага таасир бере турган тараптарды карап чыкканыбыздан кийин… ушуга негизделип бул маселеге карата күтүлүп жаткан басымдуу көз карашыбызды баяндайбыз..
А. Баардык абалдарды эске алганда мамлекеттер моюнга ала турган өз алдынча Күрд мамлекетин тикелөө күтүлө турган нерсе эмес. Анткени, Американын Ирак боюнча долбоору Ирак аймактарга бөлүнгөн жана аймактар менен борбордун байланышы алсыз абалда болгон федерациялык мамлекет болуусун көздөйт. Ал расмий тараптан алганда Ирак федералдык мамлекети болуп кала берет… Мына ушул 2003-жылдан Америка Иракты басып алгандан берки Ирак боюнча долбоору болуп саналат. Башкача айтканда Иракта бөлүү үрөнүн сээп, бирок аны расмий түрдө жарыялабастан ыңгайлуу учурда жарыялоону пландаган. Американын Ирактагы акими Бремер Ирактын баш мыйзамын аймак аймактарга бөлө турган федералдык негизде иштеп чыккан. Тактап айтканда бир бүтүн, күчтүү борборлошкон бийлик негизизинде эмес, чачыранды негизде иштелип чыккан. Анын оордуна бийликтер бөлүшүлгөн борбордук бийликке баш ийип-ийбеген федералдык мамлекет негизинде түзүлгөн. Иракта борбордук бийликке караганда аймактагы бийликтердин ыйгарым укуктары күчтүү! Башкача айтканда ылайыктуу учур келгенде Иракты бөлүп жиберүү жана Ирак расмий түрдө мамлекетчелерге бөлүнүп кетиши Америкага жеңил болушу үчүн ушундай кылынган. Ал эми, азыркы учурдагы Американын Ирак боюнча долбоору Ирак борбордук бийликке баш ийип-ийбеген федералдык мамлекет бойдон калуусу зарыл… 2014.08.12 суроо-жоопто мындай деген элек: “Америка 2003-жылы Иракты басып алгандан бери Иракты бөлүп жиберүү аракети үстүндө. Бремер баш мыйзамы да мазхабчылык, тайпачылык негизинде иштелип чыккан. Ал баш мыйзамда республика президенти, парламент спикери жана өкмөт башы болуп бийлик бөлүштүрүлүүсү каралган. Анткени өкмөт башы аткаруу бийлигине ээ. Анткени Бремер бийликтин бул ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүдө тараптар бири-бирине карата интрига кылууга түртө турган мазхабчылык, тайпачылык негизде иштеп чыккан… Бул баш мыйзамда федералдык аймактарга бөлүп башкаруу жана күчтүү аймактык ыйгарым укуктар да каралган. Ошондуктан Америка Иракты аймактарга бөлүп жиберүү кырдаалын жаратууда ийгилике жетишти” (цитата бүттү). Ушуга негизделип Американын учурдагы Ирак боюнча саясаты Ирак мамлекетчелерге бөлүнүшүн каалабайт. Ал Ирак расмий эмес, амалий жактан мамлекетчелерге бөлүнгөн федаралдык мамлекет болуп калуусун каалайт. Ошондуктан Америка азыркы учурда Ирак мыйзамдуу расмий турдө мамлекетчелерге бөлүнүүсүн четке какты. Америка жакынкы келечекте Ирак Бремер негиздеген борбордук бийликке караганда аймактык бийлиги күчтүү болгон федералдык мамлекет болуп калуусун гана каалайт.
Б. Референдум жарыясы бул Катар кризисинен бир аз дем алып алуу үчүн Британиянын буйругу менен болду. Ошондуктан, Америка Британия менен Катар кризисинде бир аз жумшарууга же сөзгө келсе референдум өтпөй калышы мүмкүн же натыйжасыз аяктайт.
В. Америка эгер кааласа референдумду өткөрбөй койууга деле кудурети жетет, анткени ал Иракты толук көзөмөлдөй алат. Америка өзү каршылык кылабы же Күрдстан аймагындагы ага малай Күрд кыймылдарын ишке салабы, мунун айырмасы жок. Же Барзаниге каршы Түркияны, Иранды ишке салуу менен кылышы, ал тургай материалдык күчтү иштетүү аркылуу кысым кылышы да толук мүмкүн. 1979-жылы Иран республикасы негизеделген күндөн баштап биринчи жолу Иран генштабынын башчысы Мухаммад Бакери Түркияга иш сапары менен келди. Бул иш сапар 2017.08.15 башталып үч күнгө созулду. Түркиянын расмий “Анадолу” кабар агентиги билдиришинче, Түркия мамбашы Эрдоган Бакерини президенттик комплексте тосуп алды. Жоолугушуу 50 мүнөткө созулду, бул нерсе ушул маселенин зарыл экендигине далаалат кылып турат. Иран генштабынын башчысы Бакерини Ирандын кургактык күчтөрүнүн командачысы жана чек ара кызматынын командачысы ошондой эле жогорку даражалуу Иран аскер жетекчилери коштоп жүрдү. Ирандын расмий “Ирна” кабар агентигинин билдиришинче, Иран ТИМинин пресс-секретары Бахром Касими Иран генштабынын башчысы Бакеринин Түркия болгон иш сапарын жана ал жакта жогорку даражалуу жетекчилер менен жоолугушуусун “эки өлкө ортосундагы алаканы кошумча карым-катнаш кадамы болгон секирик” деп сыпаатады. (“Мехер” Иран кабар агентиги, 2017.08.21). Мындай иш сапардын алкагында референдумга тоскоолдук кылуу же аны болтурбай койуу үчүн Күрдстан аймагында маддий күчтүү иштетүү да акыйкаттан алыс эмес… 2017.08.23 башкача айтканда Иран генштабынын башчысынын Түркияга болгон зыяратынын аркасынан эле Америка коргоо министри Анкарага иш сапары менен баруусу да бул позицияны кубаттап турат.
Г. Эгер Америка “В” пунктунда айтылып өткөн иш чараларды ишке ашырууда катуу тоскоолдуктардан чочуласа, анда референдумдун өтүшүн жайына койот, бирок эч кандай жыйынтыксыз аякташына же өз алдынча болуп кетүүгө жол бербей турган мүнөздө кылдырат.
7. Сөзүбүздүн акырында ушуну айтабыз: кейиштүүсү, мусулмандардын жашоосунан мусулмандарды, арабы, ажамы, баарын бириктирип улуу кылып турган Ислам байламтасын алыстатууда каапыр колонизаторлор ийгилике жетишти. Анын оордуна сасыган улутчулдук байламтасын киргизип койду. Анын натыйжасында мусулмандар бөлүнүп-жарылып кетишти. Бири-биринин канын төгө турган болуп калышты. Алардын ортосундагы бир туугандык жоголду!
Үммөттү топ-топторго бөлүп, бириктирбей жаткан нерсе – бул улутчулдук. Бул улутчулдук Ислам мамлекеттинин кулатылышына да курал болуп берген. Каапыр колонизаторлор бул куралды Үммөттүн калган каткан барлыгына каршы дагы эле иштетип келишүүдө… Мусулман өлкөлөрү ири өлкөлөрдүн күрөш жүргүзө турган жана мусулмандардын бей күнө каны төгүлө турган майданы болуп калды. Алар бир тууганчылыкты унунтуп бири-бирин моюнуна чаба тургандарга айланды! Мунун баарын Ислам арам кылган. Ислам мусулмандардын бирдиктүү болушун фарз кылган. Алардын бир туугандыгы тууралуу Аллах Курани Каримде мындай дейт: “Аллахтын арканын бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө. Аллахтын силерге берген ниъматын эстегиле. Силер бири-бириңерге душман элеңер Аллах силердин жүрөгүңөрдү жакындаштырды жана Аллахтын ниъматы себебтүү бир тууган болуп калдыңар. Силер тозок отунун кырында турат элеңер андан Аллах силерди куткарды. Аллах силерге аят-белгилерин баяндайт, мүмкүн хидаят табарсыңар”. Аллах айтат: “Албетте момундар бир туугандар”. Ошондой эле Ислам улутчулдук, мекенчилдик, уруучулуктун баардыгын арам кылган. Амр бин Динаари р.а. айтты: “Жаабир бин Абдуллоох айтып жатканын уктум: айтты: Биз бир казатта болдук мухаажирлерден болгон бир киши ансарлардан болгон бир кишини тээп жиберди, ал “эй ансарлар” деп кыйкырды. Мухаажир болсо “эй мухаажирлер” деп кыйкырды, Аллахтын элчиси мындан кабар таап, айтты: “Бул эмне?” айтышты: “Мухаажирлерден бир киши ансарлардан болгон бир кишини тээп жиберди, ансар болсо эй ансарийлер деп кыйкырды. Мухаажир болсо эй мухаажирлер деп кыйкырды”. Пайгамбар с.а.в. айтты: “Улутчулдукту таштагыла, ал сасык” (Бухаари риваяты). Аби Мижлаз р.а.дан Жундуб бин Абдуллоох Бажалий р.а.дан. айтты: Пайгамбар с.а.в. айтты: “Кимде-ким улутчулдук туусунун алдында өлтүрүлсө жана ага чакырса же ага жардам берсе анын өлүмү жахилият өлүм” (Муслим риваяты).
Мусулмандар жүздөгөн жылдар бою дин менен, улуу Роббиси менен күчтүү, Ислам бир тууганчылыгы менен бирдиктүү болуп жашап келишкен. Пайгамбар с.а.в.дын сахаабалары, Абу Бакр Умар, Усман, Али. Салман Фарсий, Билал Хабаший… Ислам менен бир тууган болуп Аллах жолунда жихад кылышкан. Араб Умар р.а Кудусту фатх кылып кирип барган. Солаахидин Күрдий Куддусту крестүүлөрдөн азат кылган. Абдул Хамид Түркий Куддусту жөөт ыпластыгынан сактаган. Мусулмандар мына ушундайча дин менен улуу болушкан. Кимде уга турган кулак, туя турган журөк болсо мусулмандар ушундай дини менен улуу болушу ваажиб. “Албетте мында аабид коом үчүн жеткиликтүү үлгү бар”.
2017.09.09

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here