Куфрга таъзия билдирилди, ал эми мусулмандар унутулду

311
0

Куфрга таъзия билдирилди, ал эми мусулмандар унутулду

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Испаниянын королу Филипп VI-гө көңүл айткан телеграмма жолдоп, Барселонада жүз берген террордук чабуулда көптөгөн бейкүнөө адамдар өлүп, көптөгөн адамдар жараат алгандыгынан терең кайгыга баткандыгын билдирди.

Эрдогандын телеграммасында: “Терроризм балээсинин ырайымсыз жүзүн дагы бир жолу көрсөткөн жана Испанияга эле эмес, бардык адамзаттын жалпы баалуулуктарына каратылган бул чабуулдарды катуу каралаймын”, – деп жазылган.

Королго жөнөткөн телеграммасында чын дилден таъзия билдирген президент Эрдоган бардык Испан калкына чын жүрөктөн көңүл айтты жана мындай кыйын күндөрдө союздашы Испания менен бирге экендигин баса белгиледи.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым да Испаниянын Барселона шаарында жүз берген чабуулду каралап, испан калкына чын жүрөктөн таъзия билдирди.

“Адамзат жана жалпы адамдык баалуулуктарды бутага алган чабуулдарды каралайбыз. Досубуз болгон Испан калкынын кайгысын тең бөлүшөбүз. Каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана жараат алгандардын айыгып кетишин тилейбиз. Терроризмге каршы күрөштө досубуз жана союздашыбыз менен бирге болобуз”, – деди Бинали Йылдырым.

Туркистон:

Ошол эле учурда АКШ аба күчтөрү Сирия-Ирак чегарасындагы бир мечитке авиа сокку беришинин натыйжасында мечитте ибадат кылып жаткан 21 тынч жаран каза болду. Андан эки күн мурда АКШ самолётторунун авиа соккусу себептүү бир үй-бүлөдөн 15 адам өлдү. Айтып отурсак, мындай кыргындарга эсеп жетпейт. Бирок Батышта жүз берген окуяларга кайдыгер болбогон жана эки сөзүнүн биринде “терроризмге каршы күрөштү улантабыз” деп жар салып жаткан Эрдоган жана анын тарапкечтери эмне үчүн АКШ терроруна унчугушпайт. “Сириядагы мусулмандар биз үчүн Аллахтын аманаты” деген убадалар кайда калды? Эмне, АКШнын бул кыргындары террор эмеспи? Европа калкына уюштурулган чабуул террор болот да, мусулмандарга уюштурулган чабуулдар террор болуп эсептелбейби? Эмне үчүн бүт дүйнөнүн көзү Испания, Париж, Лондон жана башка куфр өлкөлөрүндөгү окуяларды көрөт да, Сириядагы, Ирактагы, Аракандагы мусулмандардын башына түшүп жаткан балээлерге келгенде сокур болуп калат?

Бул  суроолордун жообу анык. Себеби, бул өлүп жаткандар мусулмандар! Куфр жана анын табакташтары назарында мусулмандардын кандарынын эч кандай кадыры жок. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө миллиондогон мусулмандар өлтүрүлдү жана азыркы учурда да уланууда. Мусулмандар өз калканына ээ болбогон соң, ушундай кыргындар улана берет. Расулуллах с.а.в.:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ، وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам (Халифа) – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана анын аны менен коргонулат», – деген. (Имам Муслим).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here