Тажикстан Кыргызстанга чектеш аймакта ири масштабдуу аскерий машыгууларды өткөрөт

326
0

Тажикстан Кыргызстанга чектеш аймакта ири масштабдуу аскерий машыгууларды өткөрөт

 “Sputnik” сайтынын кабарына таянсак,  Өзбекстан жана Кыргызстанга чектеш аймакта Согди гарнизонунун ири масштабдуу машыгуулар болуп өтөт. Бул тууралуу Тажикстан коргоо министрлигинин маалымат кызматынын башчысы полковник Фаридун Махмадализода билдирген.

 “14-17-август күндөрү Өзбекстан жана Кыргызстанга чектеш аймактарда Согди гарнизонунун ири масштабдуу машыгуулары болот, машыгууларга Согди облусундагы бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана запастагы аскерлер да катышат”,- деди Фаридун Махмадализода.

Анын айтымында, машыгуулар учурунда аймактык коргонууну уюштуруу маселелери, запастагы аскерлердин тажрыйбасын жогорулатуу о.э. Согди гарнизону жана облусттук аскерий бөлүктөрдүн аймакка бастырып кирген террорчуларга каршы биргелешкен аракеттери иштелип чыгат.

Махмадализоданын билдиришинче, машыгууларга 10 даана аскердик авиация, 200 бронетехника, 70 артиллерия жана 450 аскерий автомобил тартылат. Машыгууларга Тажикстандын коргоо министри генерал-лейтенант Шерали Мирзо башчылык кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here