АКШ ПККга 6 айдын ичинде мамлекет тикелеп берүүнү убада кылды

354
0

АКШ ПККга 6 айдын ичинде мамлекет тикелеп берүүнү убада кылды

PKKнын (Күрттөрдүн жумушчу партиясы) Сириядагы канаты болуп эсептелген PYDди аскерий жана саясий жактан колдоп келе жаткан АКШ бийлиги Сирияга 15 адамдан турган делегация жиберди. Жогорку даражалуу жарандык жана аскерий жооптуулардан турган делегация террорчу уюм болуп эсептелген PYDдин өкүлдөрү менен Сириянын Айн-Иса шаарында жолугшкандыгы айтылууда.

Кабарларда келишинче, Сирияда согушуп жаткан PYD командачылары жана жетекчилери катышкан жолугушуунун негизги темасы PYD автономиялуу аймагын (Түндүк Сирия Федерализмин) тикелөө жөнүндө болгон. АКШ мамлекеттик департаменти жана Пентагондун өкүлдөрүнөн делегация үч саатка созулган жолугушууда PYD уюмунун өкүлдөрүнө: “Силерге 6 айдын ичинде мыйзамдуу мамлекеттүүлүк жана эл аралык статус алып беребиз. Өзүңөр ээлик кылып жаткан аймактарда шайлоо өткөрүү үчүн шарттарды түзгүлө. 2018-жылдын январь айында Сириянын түндүгүндө болуп өтө турган референдум аркылуу мамлекетке айланасыңар”, – деген убада берген.

Ак үйдүн делегациясы билдиргендей, Сириянын түндүгүндө PYD жападан-жалгыз күчкө айланат жана бардык уюмдар анын айланасына чогулат. PKK башчылыгында курула турган мамлекеттин курамында Сирия түндүгүндөгү бардык уюмдардын өкүлдөрү болот. А бирок, ал үчүн бир топ убакыт Түркияны башка нерселерге алаксытып туруу керек болот.

АКШ делегациясы пикирин билдирип: “Дагы бир топ убакыт Түркияны чалгытып туруу керек. PYD түндүктө мыйзамдуу бийликке ээ болушу менен силерге караштуу аймактарга чабуул кылуу ыктымалы да жокко чыгат. Ал үчүн дагы бир нече ай убакыт керек болот”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here