Түркиянын Кытай үчүн курмандыгы

384
0

Түркиянын Кытай үчүн курмандыгы

Түркияда Стамбул полиция башкармалыгы “террорчу уюмдарга” байланышы бар деген шек менен кармаган 21 мигрант мусулман 3 айдан бери абакта жатат. 5-майда Стамбул полициясы Зейтинбурну районунда бир эле учурда 6 даректе тинтүү жүргүзүп, 21 мигрантты камакка алган эле. Алардын он бири жаш балдар жана жетөөсү аялдар.

Бул операция Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кытайга сапарынын алдында ишке ашырылгандыгы көңүл бурууга арзыйт. Себеби, ИШИМге каршы күрөштүн алкагында ишке ашырылган бул операция саясий операция болуп, плансыз жана шашылыш түрдө ишке ашырылган эле. Камакка алынгандардын кимдиги сурап-териштирилбей жатып, “Чыгыш Түркстандыктар” деп айтылды. Негизи, алардын бардыгы эле Чыгыш Түркстандык эмес, айрымдары Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары болуп, алардын Түркияда убактылуу жашоо туурасында уруксат кагаздары бар эле. Бирок ошого карабастан, бардык жергиликтүү маалымат каражаттарында “21 адамдын бардыгы Чыгыш Түркстандык мыйзамсыз качкындар” деп жарыя кылынды.

Коомчулукта аталган операцияны – күчтүү болбосо да, бирок чын дилден –каралагандар болду. Зулумга сүкүт сактабаган жана алардын азаттыкка чыгышы үчүн аракет кылган адамдарга: “Бул ишке аралашпагыла. Анткени биздин да колубуздан эч нерсе келбейт. Себеби, бул саясий маселе”, – деп жооп беришти.

Арадан 3 ай өтсө да ал мазлумдардын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Алардын, айрыкча жаш балдар жана аялдардын террорчу уюмга тиешеси жоктугу көрүнүп турса да, адвокаттардын алар туурасындагы талаптары четке кагылууда.

Жакында Пекинге сапар кылган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кытайдын коопсуздугун өзүнүн коопсуздугундай көрө тургандыгын билдирди.

Чавушоглу: “Кытайдын коопсуздугун өз коопсуздугубуздай көрөбүз. Түркияда болобу, же Кытайда болобу айрымасыз, терс аракеттерге эч качан жол бербейбиз”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here