НАТО жана АКШ Киевге мыйзамсыз түрдө курал жеткирип берүүдө
НАТО жана АКШ көптөн бери украиналык күч түзүмдөрүнө мыйзамсыз түрдө курал-жарак жеткирип берүүдө. Бул тууралуу “РИА Новости” сайты “Донецк элдик республикасынын” оперативдүү командачылыгы башчысынын орунбасары Эдуард Басуриндин маалыматына таянып кабарлады.
“АКШ жана НАТО Украина куралдуу күчтөрүнө көптөн бери курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз түрдө жеткирип берүүдө”,- деди Басурин.
Басуриндин билдиришинче, Киев Болгарияда чыгарылган РПГ-7 гранаталарды алган о.э. алар 31-июлга өткөн түнү Авдеевка районунда колдонулган.
Басурин: “Болгария НАТОнун мүчөсү болуп эсептелет жана Украина куралдуу күчтөрүндө ушундай курал-жарактардын болушу ок-дарылар мыйзамсыз жеткирилип жаткандыгын дагы бир жолу далилдеп турат”, – деди.
Мындан бир аз мурда, The Wall Street Journal сайты америкалык жооптуулар арасындагы булактарга таянып, Пентагон жана мамлекеттик департамент Украинага танктарга каршы ракеталарды жана башка курал-жарактарды жеткирип берүү боюнча план иштеп чыккандыгын кабарлаган эле. Анда келишинче, мекемелер Ак үйдүн тастыкташын күтүүдө. Буга чейин Трамп Россиянын Украина боюнча аракеттери өзгөрүшүнөн үмүттөнүп жаткандыгын билдирген эле.
Туркистон: Демек, АКШ менен Россиянын ортосундагы алака бузулуп барышы менен Россиянын Украинага расмий бастырып кирүү ыктымалы күчөп барууда!