Трамп Россияга каршы санкциялар туурасындагы мыйзамга кол койду

295
0

Трамп Россияга каршы санкциялар туурасындагы мыйзамга кол койду

 Америка ЖМКларынын билдиришинче, АКШ президенти Дональд Трамп Россия Федерациясына каршы жаңы санкциялар туурасындагы мыйзамга кол койду. АКШ вице-президенти Майк Пенс да бул маалыматты тастыктады.

АКШ Сенаты өткөн айда Россия, Иран жана Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүүчү мыйзам долбоорун кабыл алып, мындан бир аз мурда, өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш менен аны тастыктаган эле.

Трамп Россияга каршы санкциялар кеңейтиле турган мыйзамды кемчиликтүү деп сыпаттаган.

 “Иран, Түндүк Корея жана Россиянын аракеттерин жазалоочу жана кармап туруучу катуу чараларды колдоп-кубаттасам да, бул мыйзам өтө эле кемчиликтүү. Конгресс мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алууга умтулуп жатып, ага бир катар конституцияга тескери келген абалдарды киргизип койду”, – деген Трамп.

Мындан тышкары, Трамп мамлекет башчыны Россияга каршы санкцияларды жокко чыгаруу туурасындагы ыйгарым укугунан ажыратуу аракеттерин сындаган.

Трамп мыйзамдын ишке ашырылуусу Украина кризисин жоюуга тоскоолдук кылбастыгынан үмүттөнгөн.

Россия экономикасына каршы багытталган мыйзам долбоору тармактык санкцияларды камтыйт. Айрыкча, Америка санкциялары тизмесине киргизилген Россия банктарын каржылоонун эң жогорку мөөнөтүн мүмкүн болушунча кыскартып, 14 күнгө түшүрөт. Нефть жана газ тармагын каржылоону 60 күнгө чейин кыскартат. Андан тышкары, бул санкциялар технологиялык чектөөлөрдү да камтыган.

Бул жолку санкциялар мурункусуна караганда бир топ күчтүү таасирге ээ болушу мүмкүн.  Жаңы санкцияларга ылайык, Россия банктары жана каржы институттары Батыштан  2 аптадан ашык мөөнөткө каражат ала албастыгы Россиянын экономикасын жана энергетика тармагын оор абалга түшүрүп коёт о.э. келечекте Россия экономикасына олуттуу сокку болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here