Медведев: АКШ менен мамилени жакшыртууга болгон үмүтүбүз үзүлдү
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин билдиришинче, АКШ санкциялар туурасындагы мыйзамы аркылуу Россияга толук кандуу согуш ачты. Ал Россия бийлиги эми Вашингтон менен алака жакшырышынан үмүттөнбөстүгүн билдирген.
Медведев Фейсбуктагы баракчасында: “Биринчиден, Американын жаңы админстрациясы менен алаканы жакшыртууга болгон үмүтүбүз үзүлдү. Экинчиден, Россияга соода согушу ачылды”, – деп жазган.
Премьер-министрдин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамптын админстрациясы “эң бир шерменде көрүнүштө” өз ыйгарым укугун конгресске тапшырган.
“Америкалык мекемелер Трампты жеңди. Президент жаңы санкциялардан кубанычта эмес, а бирок, анын мыйзамга кол койбой коюудан башка мүмкүнчүлүгү калбады. Жаңы санкциялар маселеси Трампка өз ордун көрсөтүп коюшкандыгын билдирет. Алдыда жаңы жүрүштөр бар, негизги максат болсо – аны бийликтен четтетүү. Сиситемага туура келбеген оюнчу жок кылынат”,- деди Медведев.