Кытай бийлиги уйгурларды түрдүү баллдар менен тайпаларга бөлүүдө

376
0

Кытай бийлиги уйгурларды түрдүү баллдар менен тайпаларга бөлүүдө

Жарым кылымда үч жүз миңден ашуун мусулман камакка алынган Чыгыш Түркстанда коммунист Кытайдын зулуму зордук-зомбулук менен уланууда. Уйгур мусулмандардын башына түшкөн эсеп жеткис зулум жана зомбулуктар катарына дагы бир жаңысы кошулду.

Кытай бийлиги Үрүмчүнүн Жаңы-Шаар районунда жашап жаткан уйгурларды түрдүү баллдар менен тайпаларга бөлүп чыкты. Бул өлчөө боюнча, 80 жана 100 балл берилгендер “Коопсуз”, 50дөн 80ге чейинки балл берилгендер “орточо”, ал эми 50дөн төмөн балл берилгендер болсо “кооптуу” деп бааланды.

Мусулмандардын мындай тайпаларга бөлүнүшүндө алардын негизинен 15 жаштан 55 жашка чейин болушу, жумушсуз болушу, паспорту бар болушу, күнүмдүк диний ибадаттын бирин аткарышы, диний маалыматка ээ экендиги, кооптуу деп эсептелген 26 мамлекеттин бирине сапар кылгандыгы, сапардан кеч кайтышы, башка өлкөлөр менен ар түрдүү алакада болушу жана балдарына үйдө таалим бериши эсепке алынат. Бул демилге бүтүндөй Чыгыш Түркстанда ишке ашырылат.

Мусулман уйгурлар жашаган айыл жана үйлөр куралдуу коопсуздук күчтөрү тарабынан үзгүлтүксүз 24 саат көзөмөлгө алынган. Чыгыш Түркстан Кытай басып алгандан бери тынымсыз тыюу салынуучу мамлекетке айланды. Дээрлик күн сайын мусулмандар үчүн бир абалга тыюу салынат. Мисалы, ар бир үй-бүлө өз үйүндө 3 даанадан ашык бычак колдонушуна, 50 жашка чыга элек эркектердин сакал коюшуна, Муслима аялдардын хижаб кийишине жана алардын кийими 110см.ден узун болушуна о.э. муслималардын чоң жоолук оронушуна, мамлекеттен айлык алган кызматкерлердин өз үйлөрүндө Куран жана жайнамаз сакташына, Рамазан айында орозо кармашына, Кадыр түндө ибадат кылышына, жаңы төрөлгөн балдарына исламий ат коюшуна о.э. дагы башка бир нече исламий көрүнүштөргө тыюу салынган. Диний нике менен турмуш курууга таптакыр уруксат берилбейт. Диний нике менен үй-бүлө кургандар же бирден ашык аялы барлар дароо камакка алынат. Балдары диний билим алышы үчүн үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кеткендер болсо, Кытайга кайтып келгенден кийин жаш балдары менен кошо камакка алынат. Мусулман үй-бүлөлөргө ар бир баласы үчүн 28 миң йен (5000 доллар) штраф салынат. Бул штрафты төлөй албаган адамдардын бардык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү конфискация кылынат.

Мындай тыюулардан кийин, Кытай полициясы үчүн мусулман уйгурларды “мыйзамды бузду” деп камакка алуу камырдан кыл сууругандай жеңил болуп калышы табигый көрүнүш эмеспи?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here