Казакстан жылдын аягына чейин бирдиктүү латын алфавтин кабыл алат

225
0

Казакстан жылдын аягына чейин бирдиктүү латын алфавтин кабыл алат

 Казакстандын 2025-жылга чейин латын арибине негизделген казак алфавитине өтүшү кабарланган эле. Бирок, жараян тездеген окшойт.

Казакстан 2017-жылдын аягына чейин казак тилинин бирдиктүү алфавитин кабыл алары күтүлүүдө. Бул тууралуу 26-июлда Казакстандын билим берүү министри Ерлан Сагадиев билдирди.

 Ерлан Сагадиев: “Латын алфавитине өтүү боюнча айтсам, бул өтө маанилүү долбоор. Бул жерде этияттык менен аракет кылып ката кетирбөө керек. Быйыл кылышыбыз мүмкүн болгон иш – бардыгын канааттандыра турган алфавитти кабыл алуу. Ал үчүн бир нече варианттар даярдалып, талкуудан өткөн соң алардын бирин кабыл алып, андан соң латын арибине өтүү боюнча пландарды түзүшүбүз керек. Бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат”, – деди.

23-июнда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев казак тилин латын алфавитине өткөрүүнү кечиктирүүнүн пайдасы жоктугун жарыя кылган эле.

 Назарбаев: “Биз муну оңдоо үчүн ишке кириштик. Казак тилин латын алфавитине өткөрүү бизди дагы да бириктирет. Мен 2025-жылга чейин мөөнөт белгилеген элем, бирок бул жараянды созуу үчүн негиз көрбөй жатам”, – деген эле.

Туркистон:

Казакстан да Россиянын сакафий колониясы астында. Россия болсо эл аралык саясатта таасирин жоготуп барууда. Айрыкча, кириллица алфавити сакафий билим берүү системасын жоготуп, эл аралык алакадан четтеп барууда. Россиянын ички билим берүү системасы да дүйнөлүк сакафий билим берүү деңгээлинен артта калып кеткен. Ал тургай, министрлер сыяктуу мамлекеттик кызматкерлер өз балдарын батыштын окуу жайларында окутуп жатышат. Ошондуктан, кириллица алфавити менен орус сакафаты кризиске тдуушар болду. Ал жакынкы келечекте жок болуп кетиши мүмкүн.

Назарбаевдин тынчсыздануусу орундуу. Андан тышкары, Казакстан да, кудум Украина жана Белорусия сыяктуу, орус улуту жана орус сакафатынын таасири астындагы мамлекеттерден. Кириллица алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алуу Россиянын жана орус улутунун казак коомчулугуна болгон таасирин алсыратууга салым кошот.

Россия кулап барууда. Ал бардык сакафий, аскерий, саясий жана экономикалык колонияларын өзү менен кошо тартып кетиши мүмкүн. Колониянын аталган төрт түрү, алгач сакафий колония орнотуудан соң кирип барат. О.э. бул колониялардын бардыынан кутулууда колонизатордун сакафий таъсиринен чыгып алуу негизги маселе болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here