Россия Сирияда дагы 50 жыл калууну көздөп жатат

206
0

Россия Сирияда дагы 50 жыл калууну көздөп жатат

Россия президенти Владимир Путин Россия кошуундары узак мөөнөт Сирияда калышы көздөлгөн келишимге кол койду. Келишимге ылайык, Россиянын авиабазасы Сирияда дагы 50 жыл ишмердүүлүгүн жүргүзө турган болду.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Дамаскта Россия менен Сирия ортосунда кол коюлган келишим боюнча Сириянын Латакия провинциясында жайгашкан Россиянын Хмеймим авиабазасы Асад күчтөрүнө мүмкүнчүлүк жаратып бергендиги кабарланган. Кабарда келишинче, Сирия режимине караштуу күчтөр оппозициялык күчтөргө каршы авиа соккуларды уюштуруу үчүн Россиянын Сириядагы аскерий базасынан пайдаланган.

Өкмөткө караштуу расмий маалымат порталынын кабарына таянсак, Россия президенти шаршемби күнү келишимди тастыктаган. Аталган келишим ушул айдын башында эки мамлекеттин өкмөттүк кеңештери тарабынан колдоо тапканы айтылууда. О.э. кабарда дагы келишинче, Россия күчтөрүнүн Хмеймим авиабазасында 49 жылга калышы жана бул мөөнөт 25 жылга узартылышы талкууланган.

Башар Асад “Сана” маалымат агенттиги аркылуу Россия бийлигине ыраазылык билдирип: “Бул жарандык согушта орус боордошторубуз жаныбызда тургандыгын Сирия калкы унутпайт”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here