Пентагон: АКШ империясы кулап барууда

338
0

Пентагон: АКШ империясы кулап барууда

 АКШ үчүн Пентагон тарабынан даярдалган отчётто Советтер Союзу кулагандан бери дүйнөгө жеке өкүмдарлык кылып келе жаткан АКШнын күчү азайганы жана АКШ империясы кулап бара жатканы айтылды. Пентагондун жаңы изилдөөсүнө ылайык, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШнын колу менен орнотулган эл аралык тартип алсырап калган. Ал тургай кулап барууда. Отчётто келишинче, Вашингтон глобалдык лидерлик ролун колдон чыгарышы да мүмкүн.

Аталган отчёт, АКШ коргоо министрлиги жана армия курамындагы уюмдар менен кеңешкен абалда, АКШ аскерий академиясына караштуу стратегиялык изилдөөлөр институтунун бир жылдык изилдөөсүнөн кийин сунушталды. АКШнын алсыраганы жана жаңы доор башталышы туурасында тыянак чыгарган отчётто Вашингтон өзүнүн глобалдык позициясын коргой алышы үчүн көзөмөлдү күчөтүшү о.э. агитация жана аскерий орношууга көңүл буруу сунушталат.

Доктор Нафиз Ахмад 145 беттен турган отчётту үйрөнүп чыгып, бир макала даярдады. Нафиз Ахмаддын макаласындагы маалыматтарга ылайык, мурункудай үстөмдүгүн жоготкон АКШ учурда коркунуч астында калган. Бул коркунуч АКШ кызыкчылыктары каршысында коркунуч катары көрүлүп жаткан Кытай же Россия сыяктуу чоң мамлекеттерден эмес, тескерисинче “араб жазы” ыкмасындагы окуялардын көбөйүп бара жатканынан келип чыгууда.

Глобалдык окуялар Пентагон жөнгө сала турган убактан бир топ эрте келиши туурасында эскерткен отчётто, бул жаатта АКШ күчтөрүнүн майданда орноткон тартиптери жана аскерий үстөмдүгү пайда бербестиги айтылган. О.э. отчётто АКШ саясий, экономикалык, аскерий жана маданий тармактардын баарында коркунуч астында калгандыгы айтылат.

Отчётто: “АКШ саясий, экономикалык жана аскерий жактан үстөмдүктү улантып жаткан учурда атаандаш мамлекеттер каршысындагы позициясын уланта албайт. Кыскасы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШнын стратегдери тарабынан түзүлгөн эл аралык тартип кулап барууда”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here