Росссия элчиси: Москванын тышкы саясатында Түркиянын өтө чоң ролу бар

288
0

Росссия элчиси: Москванын тышкы саясатында Түркиянын өтө чоң ролу бар

Россиянын Анкарага дайындалган жаңы элчиси Алексей Ерхов Россиянын тышкы саясатында Түркиянын ар дайым маанилүү орду бар экендигин билдирди. Мурдагы элчи Андрей Карлов атып өлтүрүлгөндөн кийин Түркияда миссиясын баштаган жаңы элчи өз миссиясы учурунда тараптар ортосундагы алаканы жакшыртуу үчүн колдон келишинче аракет кыла тургандыгын билдирди.

Түркиялык маалымат каражаттарына интервью берген Ерхов Түркия менен Россиянын мамилеси жана өзүнүн миссиясы тууралуу сөз кылды. Ерховдун айтымында, Түркия менен Россиянын көптөгөн кызыкчылыктары бири-бирине шайкеш  келет о.э. бардык тармактарда эки мамлекет ортосундагы алакалар жана кызматташтык эң жогорку деңгээлде өнүккөн.

Түркия менен Россиянын Сирия боюнча позицияларына баа берген Ерхов: “Түркия Сирия кризисин чечүүдө биздин маанилүү өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Бул өнөктөштүк Астанадагы сүйлөшүүлөрдө жана башка жолугушууларда таасирин көрсөттү. Түркия менен Россиянын бири-бирине тескери келе турган кызыкчылыктары жок. Ачык түрдө достук диалог аркылуу келишимдерди түзүшүбүз жана кызматташуубуз керек. Диалог бийлик өкүлдөрү ортосунда эле эмес, бардык деңгээлде болушу зарыл”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here