Тажикстанда “Аймактык кызматташтык” машыгуулары өтөт

273
0

Тажикстанда Аймактык кызматташтык машыгуулары өтөт

 Кийинки жумада Тажикстанда Азиянын бир нече өлкөсүнүн жана АКШнын коопсуздук күчтөрүнүн катышуусунда эл аралык масштабдагы машыгуулар өтөт.

Дүйшөмбүдөгү АКШ элчилигинин маалыматына караганда, иш-чарага беш өлкөдөн 200дөн ашык өкүл катышат. Эки жума аралыгында (10-июлдан 23-июлга чейин) АКШ, Пакистан, Тажикстан, Кыргызстан, Монголия өлкөлөрүнүн аскерлери жана Казакстандын байкоочулары “Аймактык кызматташтык – 2017” деп аталган ар жылкы машыгууларды өткөрүшөт.

Бул БУУнун уруксаты менен тынчтык орнотуу операцияларына багытталган машыгуу болуп эсептелет. Анда негизги көңүл террорчулукка каршы күрөш, чек аралардын коопсуздугу, табият кырсыгы маалындагы аракеттерди координациялоо жана аймактагы туруктуулукту камсыздоого бөлүнөт.

Командалык машыгуулардын бир бөлүгү Дүйшөмбүдө өтөт. Андан соң 17-июндан 21-июнга чейин АКШ менен Тажикстандын аскерлери “Фахрабад” полигонунда эки тараптуу талаа машыгууларын өткөрүшөт.

Туркистон:  

Борбордук Азияга карата саясий, аскерий колонизатордук жүрүштөр күчөп барууда. Жогорудагы сыяктуу АКШнын аскерий аракеттери – негизинен Кытайга каршы багытталып жаткандыктан – Кытай бийлигин тынчсыздандыра баштады.

Акыркы күндөрдө Кытай жетекчилигинин Россия режими менен мамилесин жакшыртып жатканы да ушуга ишара кылат. Себеби, Орто Азия Россиянын таасири астындагы мамлекет болгондуктан, АКШ Россиянын макулдугу же катышуусу болмоюнча региондо геосаясий жана аскерий аракеттерин өнүктүрүп кете албайт. Афганистанда АКШ жүргүзүп жаткан аскерий аракеттер да т.а. ал жерде “Ислам мамлекети” уюмун атайын пайда кылып, аны же анын атынан “Талибан” согушкерлерине жана башка күчтөргө каршы кубаттуу бир күч даярдап бара жатканы, Афганистан менен дээрлик чектеш болгон Кытайды албетте тынчсыздандырат. Ошондуктан, Кытай да Пакистанда аскерий база куруу максатында бир катар аракеттерди баштап жиберди. Андан тышкары, Кытай ички исламий мухитин да жок кылып жибере турган даражада жырткычтык жана репрессивдик саясатын улантууда.   

Экономикалык кыйроонун астында турган Россия Кытай менен бир катар экономикалык келишимдерге кол койду. Учурда Путиндин режими АКШ менен Кытай ортосунда ыңгайсыз абалда, ошол эле учурда өз кызыкчылыгы үчүн соодалашуу мүмкүн болгон абалда туруп калды. Бирок, орустар эки өнөктөштүн бирин тандоого мажбур болот. Бул болсо, экинчи тараптан баш тартууга, ал тургай ал тарап менен душман болуп калууга алып барышы мүмкүн.

Орто Азия өлкөлөрү болсо, бул ири мамлекеттер кызыкчылыктары ортосунда согуш майданы гана болуп калат. Кудум Ирак, Сирия, Ливия…. жана башка мамлекеттер сыяктуу. Экономикалык жактан начарлыгыбыз о.э. бийликтеги күчтүү коррупция жогорудагы колонизатор мамлекеттерге өтө пайдалуу болууда. Учурда мамлекеттер жана жарандар кызыкчылыгы менен жетекчи топ жана саясий элитанын кызыкчылыктары башка-башка болуп калган. Жетекчилер өз бийлигин, материалдык жана финансылык кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн гана аркет кылып жатышат. Биздин үстүбүздөгү зулум дүйнөлүк куфр системасынын демөөрчүлүгү жана сүкүт сактап туруусу аркылуу ишке ашат. Андан соң учурдагы Орто Азия регионунун башына түшүп келе жаткандай абал жүз бергенде, бул ачкөз акимдер өз калкын күч менен бастырып, куфрга өз максаттарын ишке ашыруусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүк жаратып беришет!   

Куфр дүйнөсү болсо, АКШ баш болуп, Афганистанда жана региондун башка жерлеринде кооптуу абалдарды өзү пайда кылып, өзү биз аркылуу аларга каршы аскерий жана идеологиялык күч пайда кылмакчы болууда. Же, биздин коргоочубуз катары өздөрүнүн жаңы аскерий базаларын орнотуп алышмакчы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here