Кытайга “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алуу сунушталды

426
0

КытайгаЭйр Кыргызстанавиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алуу сунушталды

 Кытайдын HNA Aviation Investment Group деген аталыштагы авиакомпаниясына “Эйр Кыргызстан” компаниясынын 49 пайыз акциясы сунушталып жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул тууралуу Кыргызстандын Гуанчжоудогу консулу Максат Тентимишов менен аталган компаниянын директору Чэн Минцюн талкуулашкан.

 Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу тууралуу кеп кылышты.

“Кытай тарап аларды Бишкек – Үрүмчү каттамдары өзгөчө кызыктырарын айтышты. Ошондой эле Тентимишов “Манас” аба майданы Хайнань аба жолдорунун учактары үчүн транзиттик аймак болуп бере аларын дагы белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кытай тарап Кыргызстандын консулунун сунушун карап чыгууга сөз берди.

  “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын 100% акциясы мамлекеттик болуп, өкмөт мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында авиа компанияны сатууга бир нече жолу аракет кылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here