Назарбаев диний тармактагы мамлекеттик саясаттын концепциясына кол койду

260
0

Назарбаев диний тармактагы мамлекеттик саясаттын концепциясына кол койду

 Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев диний тармактагы мамлекеттик саясаттын концепциясына кол койду.

Кабарда: “Аталган документ туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталат”, – деп айтылат.

Назарбаев 20-июнда кол койгон концепцияны жакынкы үч жылга тастыктоо туурасындагы буйрук расмий маалымат каражаттарында жарыя кылынды.

Документте келишинче, мамлекет диний уюмдардын ички иштерине аралашпайт, бирок алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, мыйзамдардын сакталышын талап кылат.

Андан тышкары, концепция диний ураандарга жамынып алып, туруктуулукка доо кетирген уюмдарды жок кылууга, экстремисттик идеологияга каршы турчу жалпы мамлекеттик система түзүүгө багытталган.

Концепция дин таануу, теология жана ислам таануу тармагындагы кадрлардын сапатын көтөрүүгө чакырат. О.э. казакстандыктардын чет өлкөдө диний билим алуу тартибин жөнгө салуу зарылдыгын белгилейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here