УКМК: Чегарада теракт уюштурууну көздөгөн топ кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Кыргызстандын башка өлкөлөр менен чектеш аймактарында террордук актыларды уюштурууну максат кылган эл аралык террордук уюмдун төрт мүчөсү кармалды. Кыргызстандын 21, 28, 31, 34 жаштардагы жарандары атайын кызматтын тергөө абагына камалды.
Кабарда келишинче, кармалгандар колго жасалган жардыргыч зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук аракеттерди ишке ашырууну даярдап жатышкан.
“Кармалган террорчулар эл аралык терордук уюмдардын мүчөлөрү болушкан жана алар мамлекеттин чегара аймактарында теракт уюштурууну көздөшкөн”,- деп айтылат кабарда.
Аталган факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери уланууда.
Туркистон:
Өтө күчтүү ички жана тышкы коргоо системасына о.э таасир кубатына ээ болгон Россия, Франция, Англия, Түркия… сыяктуу мамлекеттер да өз өлкөлөрүндөгү көптөгөн жарандарды курман кылган теракттардын алдын ала албай жатышат. Себеби, бул эл аралык террорчу уюмдарды эл аралык жетекчи мамлекеттер колдоп-кубаттап турушат жана аларга өзүнүн кызыкчылыгы бар болгон мамлекеттерде шарт түзүп беришет. Антпесе, бул терактарды жабыштырып жаткан исламий уюмдар, ал тургай бир мамлекеттен экинчисине эркин өтө алышпайт.
Демек, Кыргызстанда жардыруу уюштурулушу керек болсо т.а. эл аралык күчтөр кызыкчылыгы ушуга далалат кыла баштаса, биздин ички коргоо түзүмүбүз, керек болсо көрүп туруп да аларга тоскоолдук кыла албайт. Тескерисинче, ал арамза күчтөр менен биргеликте исламий кыймылдарга жалаа жабууга мажбур болушат.
Жогорудагы коопсуздук күчтөрүнүн операциялары Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыктарына тескери келет. Себеби, “террор коркунучу” деген аталашыта жүрүп жаткан операциялар, куфр дүйнөсү бизди ички проблемалар агымына тартуу үчүн ойлоп тапкан саясий тузак болуп эсептелет. Коопсуздук кызматынын бул аракеттери Ислам жана мусулмандарды бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү стратегиясынан келип чыгат. Т.а. бул сыяктуу аракеттер алгач мамлекет менен мусулмандар ортосундагы жараканы кеңейтет. Андан соң, мусулмандар ортосунда душмандык мамилени калыптандырат. Натыйжада мамлекеттик кызматкерлер менен исламий күчтөр кагышуусу үчүн өтө ыңгайлуу мухит пайда болот. Ушулардын бардыгы Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыктарына тескери келет жана өтө кооптуу кырдаалга алып барат!
Ал тургай, жардыруу же согуштук иштерге исламий аракеттердин аралашып калышына да мына ушул зулум жана жалаалардан келип чыккан кескин кырдаал себеп болот. Куфр дүйнөсү бул кескиндикти атайылап күчөтүп барат! Ал убактысы келгенде зулумга чыдабай калган мусулмандардан пайдаланып, мамлекетте башаламандык пайда кылууну көздөйт! Буга Ирак, Сирия, Ливия, Мисир, Афганистан…. жана башка мамлекеттерде күбө болуп жатабыз.
Кыргызстанда азырынча куралдуу исламий аракеттер коркунучу жок! Бирок, Токон Мамытов сыяктуу кыянатчы саясатчылар күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрү жардамында бул кооптуу абалды пайда кылуу үчүн аракет кылып жатышат. Алар жок жерден исламий күчтөрдүпайда кылышы үчүн куфр күчтөрүнө шарт түзүүнү көздөп жатышат. Антпесе, ал тургай жогорудагы сыяктуу ниети бузук бир нече адам чындап эле кармалган күндө да, аларды тынчтык жана туруктуулукту сактоо максатында мынчалык жарыя кылышпайт эле. Себеби, миңдеген орган кызматкерлеринин жана илманий адамдардын ушунчалык бир ыпылас кылмыштарын жашырып келе жатышат го!
lasuna over the counter – lasuna medication order himcolin online cheap
buy besifloxacin without a prescription – purchase besivance sildamax tablets
probenecid 500mg canada – order monograph generic buy carbamazepine 200mg