Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларын күчтөндүрөт

295
0

Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларын күчтөндүрөт

         “РИА Новости” кабар агенттиги, Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларын жаңы курал-жарактар менен күчтөндүрө турганын билдирди. Муну менен Афганистандагы террордук ишмердүүлүктүн Борбор Азияга көчүп өтүшүнө тоскоолдук кылуу максат кылынган. Мындай билдирүүнү Россия коргоо министри Сергей Шойгу өз баянатында жасаган.

         Шойгу ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлеринин Астанада болуп өткөн саммитинде, “Россия коргоо министрлиги террордук аракеттин Афганистандан Борбор Азияга көчүп өтүшүнүн алдын алуу үчүн бардык чараларды көрөт. Ушул максатта, Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларыбыздын күжүрмөн даярдыгын күчөтөбүз. Аларды заманбап куралдар жана аскерий техника менен камсыздайбыз”,- деп билдирди.

         Министр, Россия Борбор Азия мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнө жардам берерин да кошумчалады. Буга чейин, Россия Тажикстандагы аскерий базасын “Ураган” ракета системасы менен куралдандырганы айтылган эле.

Туркистон:

Афганистанда, ушул жылдын башынан баштап 6 жолу ири жардыруу болуп өттү. Жалпысынан,бул жардыруулардан 277 киши курман болду. Ушунча курмандык Россиянын Орто Азияда аскерий базаларын күчөтүү үчүн гана берилдиби?!

         Шойгунун бир тараптуу берип жаткан баянаты, Кыргызстан менен Тажикстан өкмөтүнүн бул маселедеги пикири жана позициясынын анын алдында кыпындай да кадыры жок экенин көрсөтүп турат. Афганистандагы бир нече жылдардан бери ишке ашырылып келе жаткан жардыруулар, Афган, Өзбек жана Кыргыз калкын коркунучка салуу үчүн ишке ашырылып келди. О.э бул калктарды өз абалдарынын алсыз экенине жана тышкы куфр күчтөрүнүн коргоосуна муктаж экендигине ишендирүү үчүн болуп жатат. Буга, акыркы учурда телеберүүлөр жана социалдык тармактар аркылуу таркатылып жаткан тажик жана кыргыз тилдериндеги провокациялык видео жана маалыматтык чабуулдар күчөп баратканы мисал боло алат.

         Россия, АКШ менен кызматташуу аркылуу Афганистанга кайрадан согуш уругун себе баштады. Орто Азия мамлекеттерин, өзгөчө Тажикстан менен Кыргызстанды аскерий колониясына айландырып алмакчы болууда. Муну менен Россия, кудум АКШнын Түндүк Корея режимин жашыруун колдоп, анын коркунучун шылтоо кылуу менен Түштүк Кореяда үлкөн аскерий базасын сактап туруу стратегиясына окшош ишти кылмакчы. АКШ Түндүк Корея коркунучу менен Түштүк Кореяны эле эмес, Япония жана Кытайды да, дайыма коркунучта кармап турат. Мындай стратегия эл аралык саясатта, зомбулук жол менен мамлекеттерди аскерий колония кылуу тактикасы аркылуу колдонулуп, дээрлик бардык колонизатор мамлекеттер буга окшош ыкмаларды колдонуп келишет.

         Куфр системасында аскерий колония кылуу ыкмаларын күзөтүп келген тажрыйбага салып анализдеп көрсөк, Россия эми Тажикстан же Кыргызстандын аймагында жардыруу иштерин уюштурууга аракет кылат. Муну алар исламий кыймылдардын аты менен же алардын колу аркылуу ишке ашырат. Максат, коомду коркунучка салып, үстүбүздө аскерий колонизаторлукту бекемдеп алуу. Бул үчүн алгач маалыматтык согуш жүргүзүп, калктын бул колонизатор мамлекетти макулдашын жана аларды мактап, колдоп жиберишин, а түгүл, коомдун аларга  жардам берип жиберүүсүнөн да үмүт кылат. Дал ушул максатты көздөп алар Афган калкын жардырышууда! Түркияны Сирия мужахиддерине каршы коюу үчүн, түрк калкын жардырышууда! Орус калкын Орто Азия мигранттарынан коркутуу максатында, биздин жердештерибиздин атынан жардырууда! Англия болсо, исламий миграцияны чектөө жана исламий баалулуктарга каршы күрөшүүгө чөйрө жаратуу үчүн өз калкын жардыра баштады! Албетте! Мындай массалык кыргындарды уюштуруп жаткан кылмышкер мамлекеттерди ордуна коюп, эл аралык саясатты жөнгө салып коё турган Исламий Мамлекет турмушка келгенге чейин булардын мындай ыплас кылмыштары улана берет!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here