Хамид Карзай АКШны катуу айыптады

340
0

Хамид Карзай АКШны катуу айыптады

Афганистанда ИШИМдин мүчөлөрү АКШнын өлкөдөгү аскерий аракеттери себептүү пайда болгон. Бул тууралуу “Анадолу” агенттигине берген интервьюсунда Афганистандын президенти Хамид Карзай айтып өттү.

Анын сөзүнө ылайык, Афганистан аймагында сырттан келген ИШИМ уюмунун согушкерлери пайда болуп, аларды АКШ колдоп-кубаттап жатат. Карзай, АКШ Афганистанда терроризм толук жеңишке жетишине кызыкдар экенин белгилеп: “АКШнын аскерий контингенти терроризмге каршы күрөшүү максатында 2002-жылдан бери Афганистанда жүрөт. Бирок, мамлекетте террордук коркунуч күн сайын артууда. Америкалык аскерийлер жалаң гана ИШИМ позициясын бекемдөө үчүн кызмат кылууда”, – деди.

Хамид Карзай, ИШИМдин Афганистандагы биринчи максаты кырдаалды дестабилдештирүү экенин айтып: “ИШИМдин мүчөлөрү тынч калкка катаал мамиле кылып, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүдө. Басып алган аймактарында баалулуктарды жок кылууда”,-деди.

Президенттин баса белгилешинче, АКШ, Британия жана Батыштын бир катар мамлекеттери, а түгүл Россия да “Талибандын” ишмердүүлүгүнө байланышы болушу мүмкүн. Себеби, акыркы убакта талибандын Афганистандагы ролу өсүп баратат.

Ал ошондой эле “Исламий Хизб” жамаатынын башчысы Гулбиддин Хикматёр Афганистанда тынчтык орнотуу үчүн өз салымын кошуп жатканын кошумчалады.

Хамид Карзай, сөзүнүн аягында талибанды сүйлөшүүгө чакырып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here