“Трамптын оозу кулагына жетти”

178
0

“Трамптын оозу кулагына жетти

Биринчи чет элге жасаган сапарынын натыйжаларына мас болгон АКШ президенти Дональд Трамп сапардагы таасирленүүлөрүн “Твиттер” аркылуу бүлүштү. Ал сапардан кайтары менен, сапарда америкалыктар үчүн жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берген жүз миллиарддаган долларларды колго алууга жетишкенин маалым кылууга шашылды.

Байкоочулардын пикиринде, Трамп үчүн Саудия саясий жана экономикалык жактан “майлуу” болгон. Т.а. Трамп жетишкен эң семиз экономикалык аңчылык Саудия болду. Бул, Вашингтон жана Эр-Рияд ортосунда болуп көрбөгөн 350 миллиард доллар көлөмүндөгү курал-жарак келишимин түзүүдө өз тастыгын тапты. Келишимге ылайык, Америка Саудияны курал-жарак жана жаңы аскерий техникалар менен камсыздай турган болуп Трамп миллиарддаган долларга жана АКШ жарандары үчүн иш орундарын түзүүгө жетишип өз өлкөсүнө үлкөн «олжолор» менен кайтты.

О.э. сапарда атасы менен бирге жүргөн Иванка Трамп да Саудиядан колу бош кайтпады. Иванка Трамп аял ишкерлерди колдоо үчүн түзгөн фонду үчүн 100 миллион доллар алмай болду. Африкада ачкадан өлүп жаткандарга жардам берүүнү ылайык көрбөгөн Саудия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин акимдери Иванка Трамптын фонду үчүн 100 миллион доллар берүү милдетин алышты.

Өз доорунда АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын жубайы жана кыздары да Саудиядан арбын “белектер” менен кайтышкан. Өлүп кеткен Саудия королу Абдуллах Обаманын жубайы Мишель Обамага мончоктор, билериктер, шакек жана башка бир топ алмаз, баалуу таштарды белек кылган. Мындан тышкары башка бриллианттар да бар. Алардын жалпы кыйматы 1,3 миллион долларга жетет. О.э. король Абдуллах Обаманын эки кызына көздүн жоосун алган баалуу таштарды, алмаз, зумурут, жакут, мончоктор, шакектер жана кол сааттарын белек кылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here