Даъватка тыюу салган мыйзам долбоору тастыкталды

169
0

Даъватка тыюу салган мыйзам долбоору тастыкталды

 “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү сунушталууда. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 29-май күнү болуп өткөн жыйынында каралды.

 “Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм – психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолу менен башка дин өкүлдөрүн өз динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттерге тыюу салынат”,- делет долбоордо.

 О.э. мыйзам долбоорунда бул мыйзамдарды бузгандар административдик жазага тартылышы белгиленген.

 Мындан тышкары, Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, аудио-видео материалдарга жана электрондук сактагычтарга о.э. Кыргызстанга диний уюмдар алып келген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык дин таануу экспертизасын дайындайт жана ишке ашырат.

 Депутат Тазабек Икрамов мыйзам кемтик экенин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунуштады.

 Депутат Алмазбек Токторов да мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштаган депутаттардын пикирлерине кошулушун айтып, учурда даъватка тыюу салынса, анын ордун толтуруу үчүн кандай багыттар каралгандыгына кызыкты.

 Талкууда түрдүү пикирлер билдирилип, мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар ырасталды.

 Туркистон: 

Таблиг жамаатын экстремист уюмдардын катарына киргизүү үчүн Казакстан жана Россия бийликтери Кыргызстанга ар тараптан басым кылып келишүүдө. Таблиг жамааты даъваттагы ар бир аракетин күч түзүмдөрүнүн уруксаты жана көзөмөлү астында ачык-айкын алып барышат. Ошого карабастан, бул жамаат ар түркүн тоскоолдуктарга учуроодо. Себеби эл аралык саясат Ислам жана мусулмандарга каршы аракет кылат. Ошондуктан Таблиг жамааты болобу же Египеттеги “Ихванул муслимин” болобу, дүйнөлүк куфр системасы ар бир исламий кыймылдан өзү үчүн коркунучту көрөт! Бул исламий жамааттар куфр системасы негизиндеги өкмөттөр менен алакаларын канчалык бекемдешпесин жана алар менен биргелешип эл кызыкчылыгын коргоо үчүн аракеттенишпесин, коомдо исламий кызыкчылыктар жүзөгө чыкпайт. Мисалы, Мурсий бийликте турганда “Ихванул муслимин” жамаатына Египет бийлиги бүтүндөй тапшырылганда да Исламий кызыкчылыктар жүзөгө чыкпады, тескерисинче, куфр күчөп, миңдеген таза мусулмандар өлтүрүлгөнүнө, камакка алынганына күбө болдук.

 Кыргызстан мамлекети да бачабаздыкка тыюу салбаган, сойкуларды коргогон, арак соодасын адал кылган куфр системасына негизделген бийлик аркылуу калкты башкарып келүүдө. Мындай өкмөт менен кызматташуу негизинде иш-аракет алып баруу аркылуу Ислам жана мусулмандарды бийикке көтөрүүсү мүмкүн эмес. Тескерисинче, бийликтин Ислам жана мусулмандарга каршы саясатын жана аракеттерин тергеп-тескеп туруу керек. Анын зулуму астында эзилип жаткан мусулмандар менен бирге болуп, бардык исламий иш-аракеттерибизде жаман атты кылуучунун жаман аттысынан коркпостон, акыйкат жолдо сүннөткө ылайык аракет кылуубуз жана сахабалардай сабырдуулук көрсөтүүбүз зарыл. 

 Биз т.а. бардык исламий кыймылдардын өкүлдөрү жана жеке адам катары даъват жүгүн көтөрүп жүргөн мусулмандар, иш-аракетибизде Аллахка гана тобокел кылып, бир-бирибизди акыйкат үстүндө куфр саясатынан коргообуз керек. О.э.баарыбыз бир болуп, Аллахтын “силер ага-инилерсиңер” деген кайрылуусуна лаббей деп жооп берип, коомубузда исламий баалуулуктарыбызды, даъватты жана мусулмандардын кызыкчылыктарын коргообуз керек. Куфр менен кызматташып жана анын коргоосу астында Исламий даъватты алып баруу мүмкүн эмес. Себеби, куфр системасы исламий иш-аракеттен өзүнүн гана кызыкчылыгы үчүн пайдаланмакчы болот. Күч түзүмү жана мамлекеттик орган куфрдун колу астында болгондуктан куфр системасынын кызыкчылыгына тескери болгон же куфрга кызмат кылуудан баш тарткан бардык исламий иш-аракеттерге тыюу салат. Мындан тышкары, дүйнөлүк лидер мамлекеттердин кызыкчылыгына карап, исламий иш-аракеттерге мамилеси өзгөрүп калышы да мүмкүн. Жогоруда, жада калса эч кандай коркунуч туудурбаган даъват ыкмасы болгон иш-аракеттерге да тыюу салуу жөнүндө мыйзам чыгаруу сунушталууда.

 Ар кандай исламий иш-аракет биз үчүн өтө маанилүү болгондой, ар кандай куфр негизиндеги иш-аракеттер – жада калса мусулмандар тарабынан ишке ашырылып жаткан болсо да – биз үчүн өтө кооптуу жана зыяндуу. Ошондуктан мамлекет элдин талкуусуна таштаган даъватка тыюу салуу жөнүндөгү бардык пикирлерди мусулмандар четке кагышы керек. Бу шайлоо алдында бирер ыплас кызыкчылыкты көздөгөн өзөгөчө долбоор негизинде иштелип чыккан айла-амал болсо да же эл аралык саясаттын басымы астында иштелип чыккан милдеттүү көрсөтмө негизиндеги багыт болсо да, мунун айырмасы жок. 

 Мусулмандардын этибарына: даъват жана даъватчыларды зулум жана залимдерден коргоо ар бир мусулман үчүн фарзи кифая. Бирок коргоо үчүн кубат жетиштүү жана натыйжалуу болбогон соң, ар бир мусулман аларды коргоого болгон мүмкүнчүлүгү менен аракет кылышы важиб!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here